Аз күн мурун Чүйдүн тыңчыкмалары тымызын маек курушуп, бир чечимге келишти. «Эгерде кулунубуз Канатбек Исаевди ак жеринен бийлик камаса, Чүй катмары түрүлүп түшөбүз, биз башкалардай жер карап калбайбыз» дешүүдө. А биздин баамыбызда, ММКлар барган сайын Канатты каралашып, коррупционер катары көрсөтүшүүдө. Көпчүлүктүн көңүлү калуусун пландашып. Чындыгында каарманыбыз өзүнүн ак экенин мыйзам алдында далилдей алат. Бийлик астында эми таккесе пикирин айтуу менен катуу чыгат. Кокус камалса калың эл көтөрүлөт, башкалардай Канатты басып беришпейт. Ошондо үчүнчү төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн экен. Азыр катуу даярдыктар көрүлүп атыптыр.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ