Menu

Аксы районунда зыянкеч чегирткелер шаштыны алып жатат

Бөлүшүү:

 

Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Катыраңкы-Сай жайытында саранчанын Марокко аталышындагы чегирткелердин түрү жанданып, жайыттын чөбүнө олуттуу зыяндарын тийгизе баштады. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Зыянкечтер каптаган Катыраңкы-Сай жайытына КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов жана Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Нурбек Мураталиев барышып, зыянкечтерге каршы жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде кабар алышып, таанышып чыгышты.

Өлкөбүзгө Япониянын Jaika фирмасынын колдоосу менен берилген  жип Toiota-Рikap үлгүсүндөгү 7 микронер автомашина Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы чегирткелердин очогу пайда болгон жайыттарда химиялык дарыларды чачуу жолу менен чегирткелерге каршы иштетүү берүү иштерин тынбай жүргүзүп жатышат. Аксы району боюнча 6,5 миң га жайыттар изилденип, анын 2,5 миң га аянтында саранчанын Марокко аталышындагы жаш чегирткелердин очоктору пайда болгондугу аныкталган.

— Жаздын келиши менен күн жылыганда зыянкеч чегирткелер жанданып, жайыттардын чөбүнө олуттуу зыяндарын тийгизе башташат. Азыркы мезгилде саранча чегирткелери массалык түрдө жанданып, кыймылга келе башташты. Биринчи муундагы зыянкечтер азыр секирип, чөп жайыттарга зыяндарын тийгизе башташты. Кийин алар канаттары чыккан соң  чегирткелер узак аралыкка массалык түрдө учуп-конуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болущат. Ал убакытта алар айыл чарба багытындагы жерлерге эгилген эгиндер менен жашылча-жемиштерге олуттуу зыяндарын тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан аларды азыртан кырып-жоюп жок кылуу үчүн химиялык жол менен дарылоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Эртең менен жана кечки салкында дарылоо иштерин жүргүзүү натыйжалуу болот. Ал эми күн ысып калганда чачып жаткан дары-дармектерибиздин бир бөлүгү бууланып кетиши мүмкүн. Атайын микронердеги 100 литр сыйган идиштеги химиялык дарылар 100 га аянтты иштетүүгө толук жетет. Ал эми азыр күнүнө 300 га аянттагы зыянкечтерге каршы иштетүүгө толук үлгүрүп жатабыз. Зыянкеч чегирткелерге каршы натыйжалуу иш алып барууда Бишкектен келишкен саранчага каршы экспедиция жүргүзүү ишин алып баруучу кызматкерлерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз,- дейт Жалал-Абад облустук региондор аралык химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Кайрат Садыков.

Азыркы учурда Ноокен районунун Достук айыл аймагына караштуу Манас-Сай жайытына дагы 1 даана микронер жөнөтүлүп, зыянкечтерге каршы химиялык дарыларды чачуу иштерин жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: