Menu

Жогорку Кеӊеште Премьер-министрдин 2016-жылдагы аткарган иши боюнча ар жылдык отчету угулууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 27-апрелде өтүп жаткан кезектеги жыйынында Премьер-министрдин Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши боюнча ар жылдык отчету угулууда. Жыйынга Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун айтымында, өткөн жылы өлкөнүн экономикалык өсүшү 3,8 пайызды түзүп, улуттук валюта чыӊдалып, өнөр жай өндүрүшүнүн оӊ өсүү ыргагы байкалды. «2016-жылы ишеним индекси 28,8 балды түздү же ал 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга көптүк кылат. Өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 485 млрд сомго жетти. Ал эми инфляциянын көлөмү 109,4 пайыз болуп, ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында Кыргызстан алдыӊкы орунду ээледи”, – дейт өкмөт башы.

Ал экспорт 5,1 пайызга өскөнүн, анын ичинде Евробирликтин курамындагы өлкөлөргө экспорттоо көлөмү 2015-жылгы салыштырмалуу 44,3 пайызга же 72,3 млн долларга көбөйгөнүн, мындай абал ВСП+ статусунун шарапаты менен жаралганын белгиледи.

Премьер-министр «Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы көлөмү 202 млн долларды түзгөн 647 экономикалык долбоор жактырылганын, фермерлер менен кайра иштетүү тармагына 4,8 млрд сомду түзгөн 13 миӊден ашуун жеӊилдетилген насыя каражаты берилгенин айтты.

Андан сырткары, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун натыйжасында, өткөн жылы эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, алардын которгон каражаты 21,6 пайызга же 1,3 млрд доллардан 1,6 млрд долларга чейин көбөйгөнү белгилүү болду.

Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча Премьер-министрдин маалыматын талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: