Menu

“Боронбай бий жана жети аке феномени” аттуу китеп көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференциясы өткөрүлөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 28-апрелинде саат 1100дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында тарыхый инсандар “Боронбай бий жана жети аке феномени” аттуу китеп көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференциясы өткөрүлөт.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын маалымат жана туризм министрлиги, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, “Боронбай бий жана жети аке” коому.

Көлдүн бугу уруусунун манабы Боронбай Меңмурат уулу 1789-жылы төрөлгөн. Боронбай олку-солку, кыйын кезең заманда жашаган. Боронбай Меңмурат уулунун көрөгөч, эл башы экендиги, элди эчен жолу бириктирүүгө аракет кылат. Боронбай манаптын жасаган иштеринин эң орчундуусу Орус- падышалыгынын букаралыгына өтүүнү ишке ашыргандыгы эсептелинет. Ошентип, 1844-жылы Боронбай манап бугу уруусунун атынан Батыш-Сибирь генерал-губернаторуна кат менен кайрылган. Бул каттан соң 1853-1854- жылдарда бугу менен сарыбагыштын чабышы ырбагандан улам Боронбай дагы бир жолу кат менен орус бийлигине Качыбек Шералин баштаган элчилерди 1855-жылы Омск шаарына жөнөтөт. Качыбек колуна Куран кармап бугу уруусунун Россиянын букаралыгына өтө тургандыгы тууралуу ант берет, антка кол коюлат. Боронбай бийге подполковник наамын ыйгарган. Ысык-Көлдүк кыргыздардын Россияга кошулуусу жарыяланат. Жүз он беш жылга жакын Россия менен кол кармашкан кыргыз тарыхы Боронбайдан башталган.

Көл калаасында өз доорунда “Аке” деген улуу жана ардактуу наамга татыгын акелер болгон.Тарыхый маалыматтарга таянсак, Сарт аке Боронбай баатырга кеңешчи болуп, урууларды ынтымакка чакырып, элдин бейкуттугу үчүн зор салым кошкон. Сарт акенин өзгөчө таланттуу шакирти Тилекмат аке болгон, анын касиеттеринин бири асыл ойдун, асыл сөздүн чебери болгон. Эл ичинде: “Нукура акыл сурасаң Сарт акеге, ыйык бата сурасаңМойт акеге, асыл сөз сурасаң Тилекмат акеге бар” деген накыл сөз тараган.

Кыдыр акенин жашоо турмушунда саяпкерлик, мүнөшкөрлүк, комузчу өнөрү да болгон, анын 28 күүсү алтын фондусунда сакталуу. Ал атактуу комузчу Ыбырай Тумановдун устаты болгон.

Ысык-Көл аймагынан чыккан улуу инсандардын өзгөчө алардын осуяттарын колдоого келгенин унутпашыбыз керек.

Жаш сурасаң – Карга акеге, бата сурасаң – Мойт акеге, акыл сурасаң – Сарт акеге, айла сурасаң – Тилекмат акеге, чындык издесең – Садыр акеге, калыстык сурасаң – Карач акеге, касиет сурасаң – Кыдыр акеге бар деген сөз эл ичинде бекеринен айтылбаган чыгаар.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук, илим жана маданий ишмерлер, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел:  30-50-57, 30-47-04

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: