Menu

Аксы районундагы Кызыл-Жар айылдык ооруканасы заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалды

Бөлүшүү:

Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жар айылдык ооруканасы калктын ден соолугун коргоодо акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык жабдуулар менен жетиштүү камсыздалды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кызыл-Жар айылдык ооруканасында жалпысынан 55 койка орунга ылайыкташтырылса анын ичинен 8 койка орун хирургия бөлүмүнө туура келет. Айылдык ооруканада үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кошо алганда 14 жогорку билимдүү дарыгерлер жана 32 медайымдар эмгектенишет.

Кызыл-Жар айылдык ооруканасы 1987-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Атайын жазылган долбоорго ылайык Япониянын Өкмөтү тарабынан быйылкы жылы ооруканага 2 даана пультоксиметр жана абадан кислород бөлүп чыгаруучу 1 концентратор жабдуусу тартуу кылынды.

-Бейтаптын ден соолугунун абалы кандай экендигин көз ирмем ичинде аныктоочу 2 даана пультоксиметр жана абадан кислород бөлүп чыгаруучу концентратор биз дарыгерлер үчүн аба менен суудай эң зарыл медициналык жабдуулар болуп саналат. Айыл жергесиндеги иштеген дарыгерлер үчүн ооруканаларга мындай жабдуулардын келүүсү чындыгында чоң жаңылык болду. Айыл элинин ден соолугун көзөмөлгө алууда жана дарылоодо бул жабдуулар менен аппараттардын жардамы абдан чоң болууда,- дейт Кызыл-Жар айылдык ооруканасынын анестиазолог-реаниматологу Жумагүл Малаева.

Кызыл-Жар айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Аскар Атабеков ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамымтов, Жалал-Абад облусттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Мияновго айылдык оорукананын капиталдык ремонттоодон толук чыккандыгын жана калктын ден соолугун коргоодо үзүрлүү иштеп жатышкан дарыгерлер менен медайымдардын иштери туурасында кеңири баяндап берди. Үч-Коргон айыл аймагында иштеп жатышкан ишкерлер Кызыл-Жар айылдык ооруканасын капиталдык ремонттоодон чыгарууга жергиликтүү ишкерлер 430 миң сом, айылдык оорукананын эмгек жамааты 22 миң сом жана жергиликтүү тургундар 48 миң сом демөөрчүлүк жардамдарын беришкен. Жакынкы күндөрү айылдык ооруканага чакан хирургиялык жабдуулардын топтому алынып келинүүсү күтүлүүдө. Учурда Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 22 миңден ашуун калк жашайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: