Menu

Таласта милиция кызматкерлери үчүн 60 батирлүү турак – жай салынат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысынын маалыматына таянсак, Таласта келечекте милиция кызматкерлери үчүн 60 батирлүү турак жай салуу иши пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн 27-апрель күнү өкүл Дайыр Кенекеев учурда милиция кызматкерлери үчүн Талас шаарынын чыгыш бөлүгүнө эки батирлүү үйдүн курулушунун жер пайына капсула салуу аземинде куш кабар катары маалымдады.

Белгилей кетсек, бүгүн Талас шаарынын чыгыш бөлүгүнө келечекте милиция кызматкерлеринин турак жай шаарчасы боло турган жерге эки батирлүү курула турган үйдүн жер пайы түптөлдү. Курулушу башталып жаткан бул турак жай Талас облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жашоо турмушун оңдоо жана жардам берүү максатында атайын өткөрүлгөн долбоордун негизинде “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан уюшулган “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланууда. Бул турак-жайды салууга аталган фонд 3 млн. 35 миң сом акча каражатын бөлүп берген. Курулушу башталган эки батирлүү үй буюрса эки айлык мөөнөттө бүкөрүлүп пайдаланууга берилет.  Бул эки батирлүү турак-жайдын жер пайын түптөө жана капсула салуу аземине Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунун акимдери, “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондусунун өкүлдөрү жана облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери  катышышты.

Айта кетсек, мындан эки жума мурун облустун милиция кызматкерлеринин турак-жай шаарчасы боло турган жерге облустун жетекчилиги, жалпы коомчулуктун катышуусу менен ар түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү олтургузулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: