Menu

Парламент саан уйга айландыбы?

Бөлүшүү:

Антип кеткенин сырттан бирөө билбейт болчу. Билсе да оозунан “улп” эткен жел чыкмак эмес. Кантип эле өзүнүн “акырына” жамандык кааласын ботом?

Ооба, эбин тапкандар, же бир илинчегин билгендер гана мандаттуу “эл өкүлдөрүнө” кол салат да? Туурабы? Акчанын деми менен депутат болуп келген атка минерлердин көптөгөн көмүскө иштери бар. Муну эч кимиси тана деле албайт.

Так ошол “жоорун” өзүн “новатор” эсептеген Акылбек Жапаров тереңдеп чукуп бергенин кантип критке кетирмек. Чамасы бир балээсин колуна уучтап алган эргул жазмакер көбүрөөк “тариф” менен алып койгон шекилди. Тыйындын кадырын билген депутат ошончо чыгым болгонуна ичи ооруп кеткендей. Шайтан азгырып анан парламенттин трибунасында “балп” эттирип жатпайбы. Бүттү, эми андан төө матек алчулар өчүрөткө турушпаса болду. Кана, кимге машине мингизип, оозун жаптың эле дегендер сайдын ташындай чокмолоктошот. Ал эми андан башында жүз доллар алып, көлөмүн улам көбөйткөндөр лям деп үн чыгарбайт. Айтор, шумдуктуу окуяга туш болдуң Акылбек. Жети жыл мурдагыдай амал менен гана аман кутулушуң зарыл. Көп болсо бир кыймылсыз мүлктүн пулу кететтир да. Алтын башың ордунда турса крокодилге паспорт жасаш керек деген уникалдуу “идея” токусаң чыгымыңды миң эселеп өндүрүп аласың. Кантип бергенди деги бирөөдөн үйрөнбөстүрсүң. Кезекке тура бергиле, алгырлар!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: