Menu

Жумушсуз жаштар көп, бирок деңгээли жогору адистер жетишпейт

Бөлүшүү:

Учурда Кыргызстанда жумушсуздуктун жалпы деңгээли 8%ды түзөрү айтылып келет. Расмий статистиканын маалыматына караганда, экономикалык жактан активдүү калктын саны 2,5 млн. Ал эми жумушсуздардын жалпы саны 200 миңдин тегерегинде. Бирок, эл арасында иш издегендер мындан да арбын. Өлкөдөгү жумушсуздук күчкө толуп турган жаштарды мигрант болуп кетүүгө, дагы башка кылмыштарга барууга, кыздарды сойкулукка түртүүдө. Айтор, жумушсуздук күндөн-күнгө күч алып турган мезгил.
Жаштар, студенттер кантип жумуш издешерине кызыгып, улутгук университеттин студенти Нурсултан Садыбакасовго кайрылдык:

«Студенттер иштөөгө окуу графиги туура кабыл алынган эмес»
– Студенттер иштөөгө, эмгек акы табууга шарт жок, университетте окуу графиги туура кабыл алынган эмес. Биринчиден, сабактардын күнүгө окшош так расписаниеси жок. Мисалы, мен окуган университетте кээ бир күндөрү сабак тогуз жарымда башталып, кечки саат төрттө, кээде бирде башталып, кечки жетиде бүтөт. Айтор, ар
бир күндө ар кандай убакыт менен окуйбуз. Анан жумуш издесең, мындай график менен эч ким кабыл албайт. Экинчиден, мугалимдер студенттердин иштешине каршы, «силер окушуңар керек» дейт. Бирок, ар бир ата-эне балдарын материалдык жактан камсыздай албайт. Ошону менен бирге «студент кезиңде эмгектенүүгө үйрөнө билсең, эрте жашоого такшаласың, бутуңдан турасың» деген пикирдемин. Көп студенттер: «Мен эмне кылганды билем? Колумдан эмне келет?» деп өздөрүнө суроо узатып, жооп издегенди билишпейт. Анан кандай жумушка барарын да аңдашпай, ар кайсы жакты бир сүзүп, кыдырып жүрө беришет, так чечими жок. Өзүнүн жөндөмүн, мүмкүнчүлүктөрүн билген студенттер деле жумушту каяктан издегенди биле беришпейт. Ошондуктан студенттерге жумуш табууга же жок дегенде кеңеш берип турганга бир уюм болсо, ал боюнча семинар, тренингдер болуп турса да жакшы болмок.

– Студенттерге кандай жумуштар бар? Кайда иштесе болот?

– Чындыгында азыр студенттерге мүмкүнчүлүктөр арбын. Интернет дүкөндөрүнүн офистерине барып жумуш тапса болот, компьютер дүкөндөрүнө кеңешчи же компьютер ондоого жардам берип (эгер ушул сфераны жакшы билсе), кыздар кийим саткан дүкөндөргө иштегени оң. Уюлдук операторлордо («Билайн», «Мегаком», «О!») көп вакансиялар бар. Эгер чет тилдерин билсе, машыктыруучу (репетитор) болуп иштесе болот, мисалы, балдарга англис тилин үйрөтүп дегендей.

– Резюме толтурууга да билим керекпи?

– Ар кандай коомдук иштер менен алек болуп, өзүн-өзү өнүктүрүү керек. Ошондо резюме оңой түзүлөт. Анткени ар кандай грамота, сертификаттар болот. А жумуш берүүчү адамдар менен мамиле түзгөндү билеби, о.э. иш жөндөмү жагын да карайт. А резюме бош болсо, бири да сенин талапкерлигиңе кызыкпайт. Анан дагы чоң нерсе – компьютер менен чет тилдерин жакшы билиш керек. Айта кетчү нерсе, көпчүлүк студенттер туура резюме толтурганды билишпейт. Эптеп-септеп толтуруп жиберишет да, «мени эмнеге албай койду?» деп капа болушат. Кээ бир студенттер «мен бул жумушка иштебейм, мен мындан жакшы жумушка татыктуумун» деп иштебей жата беришет. Ошолорго айткым келет, «жаман жумуш жок, жаман жумушчулар бар» деп. Анткени кандай жумушта иштегениңдин мааниси жок. Келечекте татыктуу, өзүңдү-өзүң бага ала турган адам болушуң керек. Ар бир бизнесмен көчөдө гезит, сагыз сатып өз ишкерликтерин баштап, акырында миллионер, миллиардерге айланышкан. Муну тарых тастыктап турат.

ЖОЖдордун миңдеген бүтүруүчүлөрү бар. Бирок көпчүлүгү чабал жана деңгээлдери төмөн

Өз кесибин сүйгөн деңгээли жогору адистер эч качан жерде калбайт. Ал адамдарды алыстан издеп келишет. Көптөгөн кесиптерге мыкты адистер жетишпейт. Айта кетчү жагдай, жумуш издеген жаштардын ушунчалык көптүгүнө карабай жакшы адис таба албай, адистерден аксаган ишканалар бар экенин көп эшитчү болдук.

Учурда Кыргызстанда 52 жогорку окуу жай бар. Алардын 32си мамлекет тарабынан каржыланары айтылып келет. Ал 52 жогорку окуу жайдан ар бир жылы ар кандай адистикке ээ болгон жүздөгөн, миңдеген бүтүрүүчүлөр учуп чыгат. Бирок көпчүлүгү чабал, билим деңгээлдери төмөн. Алардын көпчүлүгү өз кесиптерине байланыштуу жумуш табышса дагы, көңүл толорлук иш алып бара алышпай, иштен айдалып, жумушсуздукка кептелишет. Эмне үчүн мындай жагдайга дуушар болобуз? Албетте, буга пара алып, беш жыл бою студентинин ордуна окуп берген мугалимдер күнөөлүү. Зээнсиз, эмгек кылбаган, чыдамкай эмес, жалкоолукка берилген жаштар өздөрү да күнөөлүү. Мамлекетке ишенген замандан эчак өттүк. «Бакытты өзүңдөн изде» деген даанышман сөз бар. Баардык тоскоолдуктарды жиреп өтүп, ийгиликке жетүү ар бир адамдын өз колунда демекчимин.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: