Киев прокуратурасы Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди үй камагына чыгаруу тууралуу райондук соттун чечими боюнча аппеляциялык арыз берди.
19-апрелде Киевдин Песерский райондук соту Абдуллаевдин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу тууралуу Киев шаардык прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Анда судья прокуратуранын жүйөдалилдерин негизсиз деп таап, анын адвокаттарынын пайдасына чечим чыгарган.
Токтомго ылайык, эми Абдуллаев 19-июнга чейин адвокаты ижарага алган Киевдин четиндеги Козин айылында жайгашкан үйдө үй камагында болот. Ал 24 саат бою электрондук билерик менен жүрөт жана анын кыймыл-аракетине укук коргоо органдарынын кызматкерлери көз салып турушат.
Маалыматка караганда, учурда Акбарали Абдуллаев кармалып турган Козин айылы Форт Росс же «Киев рублевкасы» деп аталат. Жөнөкөй адам ал жакка жакындай албайт – аны суткасына 24 саат бою жеке күзөт компаниясынын кызматкерлери кайтарышат. Ал айылда Порошенконун дагы вилласы жайгашкан.
Ал ортодо Акбарали Абдуллаевдин жергиликтүү жана батыш адвокаттары анын Ташкентке экстрадицияланышына жол бербөө максатында ага качкын макамын берүү өтүнүчү менен Украинанын миграция кызматына кайрылышты.
33 жаштагы Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал ушул жылдын 14-январында Киевдин эл аралык аэропортунда кармалган. Расмий Ташкент аны каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыптоодо.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ