МУКК Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш Кодексинин 167- беренесинин 1,2- бөл., 4-бөл. 1-п жана ст. 241-беренесинин 2 бөлүмүнүн негизинде, мародерчулук фактысы боюнча экс-депутат Р.Төлөгөновго карата козголгон кылмыш иши иликтенип бүтүп, Башкы прокуратурага жиберилди. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2017-жылдын 28-мартында «Ата-Мекен» партиясынын мурунку депутаты Райкан Төлөгөновго КР Кылмыш Кодексинин 167- беренесинин 1,2- бөл. (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан турак жайга же башка сактоочу жайга кирүү менен тоноо), 4-бөл. 1-п жана ст. 241-беренесинин 2 бөлүмү (алдын ала бүтүм боюнча ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аягына чейин КР МУККК тергөө абагына камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы каралды.
Учурда материалдары КР Башкы прокуратурасына кылмыш ишин бекитип, андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ