Menu

Википедияга кыргыз тилинде 66 миң макала киргизилген

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2017-жылдын 27-апрелинде Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жыйындар жайында “Улутсофт” компаниясы менен ЖОЖдордун студенттери үчүн жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу тил комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов жаңы маалыматтык технологиялардагы кыргыз тилинин орду жөнүндө маалымат берип жатып, учурда Microsoft Windows (7-версиясынан баштап), Microsoft Office (2010-жылдагы версиясынан баштап), Google, Youtube, Android сыяктуу маалыматтык технологиялар тармактары кыргызча кызмат кылууга жетишип, эң көп пайдаланылган Facebook социалдык тармагы кыргыз тилине которулуп жатканын айтып өттү. Учурда Википедияда англис тилинде 5,3 миллион макала, орус тилинде 1,4 миллион макала, казак тилинде 222 миң макала болсо, кыргыз тилиндеги макалалардын саны 66 миң. Кыргызстандагы калктын саны менен алганда, 91 кыргызстандык биригип 1 макала киргизгенге тете деп түшүнүүгө болот. Ошондой эле, дүйнө жүзү багыт алып бара жаткан кибернетика доорунда кыргыз тили өз ордун табуусу үчүн жасалма акыл эске, башкача айтканда маалыматтык технологиялардын эсине кыргыз тилинде көбүрөөк маалымат берүү зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн кыргызча тутумдарды колдонуп, маалымат алышууларды (маалымат издөөнү, социалдык тармактарды колдонууну) мүмкүн болушунча кыргыз тилинде жүргүзүп жана эң негизгиси Кыргыз Википедиясын байытууга жалпы киришүүгө чакырды.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана жогорку жайдын студенттеринен турган демилгелүү топту Википедияга маалымат киргизүү ишине жигердүү аралаштыруу максатында өткөрүлгөн жолугушуунун соңунда кызуу пикир алышуу болуп, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу жана “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: