Menu

Бакытбек Жетигенов ЖК депутаты: “КСДПдан талапкер эмес, съезд качан болору белгисиз”

Бөлүшүү:

– Бакытбек мырза, КСДПнын президенттик шайлоого талапкерди аныктоо боюнча съезди качан өткөрүлгөнү жатат? Эми силерде ич ара маалымат бар да. Партиядан чыкчу болжолдуу талапкерлер катары кимдердин ысымдары аталууда?

– Талапкер эмес, азырынча съезд качан болору белгисиз. Болжолдуу талапкерлер боюнча ар кандай сөздөр бар, бирок, мен аныгын билбейт экенмин. Эми убагы келгенде буюрса көрөбүз да.

– Сиз Чүй кланынын бийликчил партиядагы эл өкүлүсүз да. Кичи мекениңиздеги кадрдык жана айрым маселелер боюнча депутат Канатбек Исаев экөөңөрдүн ортоңордо тымызын интрига, атаандашуу бар экенин жергиликтүү чиновниктер ар убак айтып калышаары сөз болуп жүрөт. Мындай кептерге кандай жообуңуз бар?

– Андай интригалар жөн эле сөздөр го дейм. Анан калса жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кадрдык маселелерди бизсиз эле өздөрү чечип жүрүшөт деп ойлойм. Ал эми Канат Исаев экөөбүздүн мамилебиз эл катары эле, ортобузда талашып-тартышчу эч кандай маселе деле жок.

Булак: Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: