Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Мен Атамбаевге чыккынчылык кылган жокмун”

Бөлүшүү:

Адилеттүүлүк үчүн бир чындыкты айтып коюу керек. Бүгүнкү бийликтин өз короосундагы «чекеге чыккан чыйканы» болгону менен бу чыйрак жигит калыстык үчүн оттон-суудан кайра тартпай, парламенттеги тагдыр чечээр кырдаалдарда мээсиндеги чындыкты чыркырата тилинен чыгарып турган эл өкүлдөрүнүн caп башында турганын эч ким тана албайт. Албетте, Жанардын кылган-эткенине коомчулук, мезгил өзү баа берер. Биз болгону азырынча сырттагы абалды эске алуу менен замандын күрөө тамырын кармап,учур кырдаалындагы күрдөөлдү соболдордон кеп тизгинин бурадык.

– Жанар мырза, парламенттин буга чейинки чакырылыштарында «ак карга» болуп, өз фракциясынан куулгандардын өзүнчө бир «үйүрлөшкөн» тобу болоор эле. Азыр андай топтор да жок. Мындай шартта жалгыз коколой башың менен эч нерсе чечпей депутат болуунун өмүрү кыска болбойбу?

– Канча убакыт депутат болорумду бир Кудай билет. Бирок, мени «жалгыз» калды деп айтууга болбойт. Парламенттеги баардык депутаттар менен, анын ичинде ошол эле КСДПнын депутаттары менен да мамилем жаман эмес. Парламент коллективдүү орган эмеспи, элге пайдалуу жакшы демилгелерди позиция же оппозиция дебей эле колдоо табарына ишенем. Фракциядан чыгарылганым менин ишмердигиме кымындай да таасир этпейт. Шайлоочулардын колдоосу мага баарынан маанилүү.

– Көздөрү тумандап, сырттагы чыныгы чындыкты уккусу келбей, дөөгүрсүп турган бийликчил партияга «ичтен чыккан ийри жылаан» болдуң да. Мунуңду айрымдар, ошол эле өлкө башчы баш болуп, образдуу салыштырышканда «ичкен кудугуна түкүргөн көрпенде» катарында сыпатташууда. Бул жагынан моралдык, жигитчиликтин жазылбаган мыйзамдарын тебелеп кеткен жоксуңбу?

– Тескерисинче, «накта жигиттик кылдың» дегендер басымдуу көпчүлүктү түздү. Мен азыр дагы жолугушууларымда КСДПны каралоо аракеттерин жасабайм, анткени бул партиянын да шайлоочулары, колдоочулары бар, тарыхы бар партия. Мурдагы эки режим менен күрөшүп келди. Анын негиздөөчүсүнүн да көп жылдык эмгегин сыйлайм. КСДПга же президент Атамбаевге мен чыккынчылык кылган жокмун. Болгону коомдогу болуп жаткан терс окуяларды ачык айтканыма таарынгандар көбөйүп кетти. Менин эл алдындагы башкы милдетим бул – акты ак, караны кара деп айтуу. Туура эмес окуялар орун алып жатса, «баары жакшы, шеф» дей турган адам эмесмин. Менин табиятым ушундай. Эркин медианы улам сотко сүйрөп жатса, «мындай болбойт, мунуңар туура эмес» десем бул чыккынчылыкпы? «Мыйзамсыз камоолорду токтоткула» деген чыккынчылыкпы? Өзүм журналистика тармагынан келип алып, анан депутат болор замат «журналисттер ушакчылар, буларды соттош керек» деп жагынып, адилеттиктен жүзүмдү бурсам, ошол жигитчилик болобу? Бийликти күндө мактап, алкап, сүймөнчүк болсом деле болмок. Бирок, бул менин мүнөзүмө каршы келет. Мен бийликке, парламентке кошомат кылам деп келген эмесмин, элдин сөзүн сүйлөйм деп убада бергем.

– Канткен күндө да Алмазбек Шаршеновичтин жеке көмөгү менен алгач президенттин басма сөз катчысы, кийин бакыйган эл өкүлү болуп, акыры Атамбаевдин академиясынан чыйрактыгың менен чыккан «чырпык кадры» экениңди тана албайсың да баары бир, туурабы?

– Мунун баарын элибиз көрүп турат, калыс баасын берет деп ойлойм. Президенттин да, элдин да ишенимин актоого аракет кылдым. Мен жаңылган жокмун. Анан калса президентке кыянаттык кылайын деген оюм жок. Мага деле көз карашы түз деп ойлойм, анткени, баардык нерсени ачык айткан мүнөзү өзүндө да бар, ошон үчүн туура сүйлөгөндөрдү тескерисинче колдойт деп ойлойм. Мен журналист кезде эле аздыр-көптүр элге таанылып, колумдан келишинче акыйкат иштеп келген адаммын. Өз тушоомду өзүм кескем десем болот. Президент ишеним артканы үчүн ыраазымын, ал киши кеткенден кийин сатып кеткендер четинен чыгарына азыртан ишене бергиле, бирок, ошондо мен бул киши тууралуу калыс сөзүмдү айтуудан качпайм.

– Мамлекеттик машинага каршы туруш кыйын болорун билесиң. Командада болбогон соң коколой жалгыз башың менен бийликтин ар кандай басым-кысым, «фокус-мокустарына» туруштук бере алаар бекенсиң? Анүстүнө «ажыдаардын куйругун эмес, башын кошо басып алдың» да. Мындай шартта «балалан саясатчыга» туруштук бериши кыйын болуп калат го ээ?

– Мен бизнестен келсем же мурда мамлекеттик ишканада жетекчи болсом бир жөн. Корко турган эч нерсем жок. Анүстүнө мен бийлик үчүн кооптуу адаммын деп ойлобойм, мага каарын төккүдөй эмне, «бийликти басып алалы же төңкөрүш жасайлы» дедимби? Мен стабилдүүлүк болушун каалаган, ошол эле убакта мыйзамсыз нерселерге орун берилишин да каалабаган адаммын. Басым-кысымдан кымындай да коркпойм, анан калса мага басым болот деп деле ишенбейм.

– «Азаттыкта», азыркы депутаттык ишмердүүлүгүңдө адалсына чындыкты айтып турганың менен ажонун басма сөз катчысы кезиңде бийликке каршы турган мезгилдүү басма сөздөн качып, маек бербей калганыңды моюндайсыңбы? Дегеле ошол убакта хан ордодогу ыплас интригалар байкалчу беле? Ал мезгилде ажонун айланасындагы таасирдүү топтордун кимисинин дүбүртү күчтүү эле?

– Эми, Кадыке, сага маек бере албай калганым чын ошол кезде. Анымды танбайм! Анткени, мамлекеттик кызматтын өз тартиби болот эмеспи. Мен президенттин атынан сүйлөөгө укуктуу кызматта иштеп калдым. Оңду-солду саясатты сүйлөй бергенге болбойт болчу. Расмий гана маалыматтар менен чектелип жүрдүм. Ошол кезде эч кандай интрига же сен айткан топтор менен деле ишим жок эле. Бирок, президенттин жанында ал кишиге чын дилинен берилип иштеген адамдар жүргөнүн көрдүм. Мен болгону алты айдай убакыт иштедим, анан эле шайлоого аттанып, кызматты тапшырып кеткем.

– Алдыдагы бүйүр кызытчу аламан жарышта КСДП сөзсүз бир талапкерди сүрөөнгө алаары күтүлүүдө. Жаштардын өкүлү катары бийликчил партиянын талапкерин сүрөөнгө алып, колдойсуңбу же?..

– Алдыдагы шайлоодо кайсы бир талапкерге иштейм деп азыр айталбайм. Бирок, бул ирет элибиз журт башы болчу адамдын программасын терең талдашы керек. Талапкерлерге да айтышыбыз керек, «жетишет, алдабагыла!» деп. Реалдуу иштей алган, мамлекетчил адамды тандашыбыз зарыл. А жеке өзүм азыр аймактарды кыдырып, жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө салым кошуу, аларды колдоо аракеттерин көрүп жүрөм. Балким, бул жолу бир дагы талапкерге болушпайм го, баарына калыс мамиле жасайм деп турам.

– КСДПдан эл өкүлү болгонуңдан тарта жогорку жетекчилик депутаттык ишмердүүлүк, шайлоочулар менен болгон жолугушууларыңа кетчү чыгымдарыңды Улан Примов менен Абдывахаб Нурбаев экөөнө байлап беришкени, майда-чүйдө каражаттарыңды күркүл эки кесиптешиң көтөрөөрү сөз болуп жүрөт. Андайга ишенсек, бийликчил партиядан куулганыңдан кийин кесиптештериңдин колдоо көрсөткөнү кан буугандай токтоду да ээ? Бизнесиң болбогондон кийин региондорго чыгып, эл аралаганга деле оңбогондой сумма кетет да. Депутаттык айлык менен үй-бүлөңдү араң багасың да, туурабы? Шайлоого кетчү каражатыңды го Алмазбек Шаршенович өзү жеке көмөгү менен жардам кылган экен…

– Калыке, ишенесиңби, мен баардык нерсени ачык айтканым үчүн ушундай ушактарды чыгаргандар көп болот. Ушактан корксоң, анда саясатка жолобой, үйдө жатышың керек. Ошон үчүн мындай сөздөргө көп көңүл бурбайм. Мен каражаттан өмүрүмдө кыйналып көргөн адам эмесмин, студент кезде да эл аралык сайттар менен иштешип, керек болсо айылга каражат жиберип турган учурум көп болгон. Окууну бүтпөй жатып, маянасы жакшы төлөнгөн эл аралык медиа-мекемеде иштедим. Сага так ачыктап да бералам, азыр айлык акым 30 миң сом, ал эми аймактарды кыдырууга жана учак билети, баары болуп депутаттык фонддон дагы 40 миң сом бөлүнөт. Бул каражат депутаттык ишмердик үчүн жетиштүү. Анын үстүнө бир туугандарымдын баары Кудайга шүгүр, бутуна турган адамдар, бала кезден эле бардар үй-бүлөдө чоңойдук. Депутат кесиптештеримдин же башка саясатчылардын бир тыйынына да муктаж эмесмин. Өлкө башчысы кандайдыр бир талапкерди же шайлоону каржылап бере албайт деп ойлойм. Анткени, президент шайлоодо баарына калыс карашы керек. Экинчиден, «бизнесиң жок» дедиң, азыр дагы каалагандай бизнес түптөсөм болот. Бирок, депутат бизнес менен алектенүүгө мыйзам тыюу салат, мен мыйзамсыз аракетке баралбайм. Досторум да көп сунушташат, «бизнес башта» деп, бирок бизнеси бар саясатчы «айдама саясатчы» болуп калышы мүмкүн. Мен азыр 30 жаштамын, алдыда дагы далай саясый окуялар, күрөштөргө чыгууга даярданып жүрөм. Ошондуктан акчага, бизнеске аралашып, сөзүм кыска саясатчы болуп калгым келбейт. Учурда да «партия ач, кыймыл түптө, эч кандай кызыкчылык жок эле мекенчилдик сезим менен каражат беребиз» дегендер жок эмес. Бирок, мен азыр акчага да, колдоого да муктаж эмесмин. Азыр тажрыйба топтой берейин, таза жүрөйүн, ак иштейин, анан жакынкы убакта өзүмчө команда топтоп, жаңы күчтөрдү бирикгирүү пландарым да бар.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: