Menu

Мусар уулу Айбек: Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясынын мугалими: “700 сом айлык менен иштесем да кур жерден куугунтукка алып жатышат”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Билим берүү жана илим министрине Маданият, маалымат жана туризм министрине, Бишкек шаарынын прокуроруна

КАЙРЫЛУУ

Мен Бишкек шаарындагы С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын 2000- жылы, Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясын 2005-жылы бүтүргөм. Жогорку билимдүү адисмин жана эл керегине жарай турган курактамын. Аталган окуу жайда 2008-жылдын 14-январынан баштап мугалим  болуп иштейм. Акыркы 4-5 жылдан бери укугумду тебелешип, айлыгым толук төлөнбөй, «сабак бере албайсың» деген жалган жалаа менен куугунтуктап келишет. Окуу жайдын жетекчиси Жыргал Матураимов өзүнө жакпаган мугалимдерди ушундай жол менен кодулайт. Далай мыкты мугалимдер аргасыз жумуштан бошоп кетишти. Себебин сурашса, «бул педсоветтин чечими» деп кутулат. Штатта болсом дагы толук ставка бербей, 0,5 ставкага жетпеген саат алып, арзыбаган акча менен жашап келатам. Башка айлыгы көп жумушка кете албагандыгымдын себеби: окуу жайга караштуу жатакананын бир бөлмөсүндө үч кызым, жубайым болуп беш киши жашайбыз. 2015-жылдын сентябрь айында директор өзүнө чакырып, «ушул эле саатар менен иштейсиң», деп кысым көрсөттү. Бир бөлмөнүн айынан айла жок, «кулда кулак жок» болуп, берген саатын алып, арзыбаган 700 сом айлык менен эки жыл бою иштедим. Алган айлыгым жети жүз сом болсо, жатаканага төлөй албай карыз болуп калдым. Жаңы төрөлгөн үчүнчү кызым жүрөгунөн кемтик (порок сердца) болуп төрөлдү. Азыр доктурлар экинчи даражадагы аз кандуулук деген диагноз коюшту. Эртеңки жашоом бүдөмүк, туман. Дары-дармек алганга каражатым жок 2016-жылдын 1-сентбрында жумушка барсам, “Ай, Айбек, сени иштетпейм, көзүмө көрүнбө, же болбосо статья менен жумуштан да, жатаканадан да айдайм» деп дагы опузалады. «Өз каалооң менен без содержания отпуск ал, арыздын негизинде үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу деп жаз» деп мажбурлап, дагы бир жылга арыз жаздырып алды. Эртеси директор кайра чыкырганынан барсам, «бул арызың жарабайт экен, ден соолугума байланыштуу деп жаз» деди. Буга да айласыз макул болдум. 2017-жылдын март айында Матураимов мени күтүүсуз окуу жайга чакыртты. Колумду кармап, «каякта жүрөсүң, иштебейсиңби, сендей жакшы 1 адистер бизге керек» деп 0-21 дизайн группасын берди. Жан-дилим менен берилип, сагынып калган сабагымды экинчи курска өтө баштадым. «Иттин өлүгү» ушул жерде көмүлүптүр. Көрсө, биздин окуу жайга Эсеп палатасынан текшерүү келген экен. Алар кеткиче мен эки жума иштедим. Үчүнчү жуманын башында текшерүү кеткенден кийин Матураимов мени кайра чакырды: «Арызыңды жаз дагы, жолуңа түш, же болбосо статья менен кетирем» деп коркутту. «Эмне үчүн, кайсы күнөөм үчүн жумуштан кетишим керек?» десем, колун шилтеп, «чыгып кет» деп текеберленди. Бул эмне деген кордук? Мындай адамдын окуу жайда иштешине моралдык укугу жок деп ойлойм. Мугалим Ишен Чаланов 5-6 жыл 18 миң сом айлык алчу. Ошол эле учурда бөлөк мугалимдердин айлыгы 7-8 миң сомду түзчү. Педсовет учурунда мугалимдер нааразычьшыгын билдиришсе, ошол замат айлык маянасынын бир бөлүгүн баласына (Темир Чаланов) жаздырып койгон. Түз айтканда, тез аранын ичинде баласын жумушка киргизип койгон. Жатакананын 4- кабатын Нүргүл деген кыз жууйт, бирок штатта комендант Т ермечикова Дамиранын келини бекитилген. Мындай көз будамайлаган иштерди байма-бай жасашат. Тартипке салган, текшерген жан жок.

Сиздерден төлөнбөгөн айлык акымды толук өндүрүп, жумуш ордума кайра чыгууга көмөк көргөзүүңүздөрдү суранам.

Мусар уулу Айбек

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: