Баткен облусунда Акыйкатчы Кубат Оторбаев иш сапарынын учурунда Өзбекстандан Баткен областындагы Чонгара айылына көчүп келген кайрылмандарга жолукту. Алардын көчүп келгенине 7 жыл болгон экен. Келген учурдан баштап, кайрылмандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облустук өкүлчүлүгүнө жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көп жолу кайрылып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала албай жатышат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал маселе чечилген жок. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.
Андан тышкары, Кызыл Кыя шаарындагы Таджикстандан келген этникалык кыргыздар акыйкатчы Кубат Оторбаевге жамааттык кайрылуу жасашты. Кайрылмандык күбөлүктөрүн убагында ала албай жатышкандыктарын, жер берилбей жаткандыгын, документтери жок болгондугуна байланыштуу дарылануу, билим алуу укуктарынан айрылып калып жаткандыктарын кабарлашты. Баткен алыс аймак болгондугуна байланыштуу үнү бийликке жетпей жаткандыгын айтышты.
Өз кезегинде, Акыйкатчы Кубат Оторбаев айтылган маалыматтар менен иштөөнүн жеке көзөмөлгө алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен болгон жолугушуусунда бул маселелерди талкуулоого ниеттенүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ