Menu

Ошто КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов дин кызматкерлери менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов кечээ, 27-апрелде Ош шаарындагы Сулайман-Тоо борбордук мечитинде дин кызматкерлери менен жолугушушту. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

Аталган жолугушуу жыйынга Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун Жапаров, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун Ош филиалынын мүдүрү Алымжан Жунусов, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун өкүлү Медер Абдыманапов, облустук жана шаардык казыяттардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда Зайырбек Эргешов дин чөйрөсүндөгү азыркы абал, анын өнүгүү тенденциялары жана бул багыттагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, диний билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, айтылган сунуштарга укуктук-нормативдик базалардын жол-жоболорунун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан сырткары КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдеринин алкагында мамлекеттик органдар, диний уюмдар жана диний лидерлер мындан ары карай да мамлекеттүүлүктү жана өлкө элинин биримдигин чыңдоо үчүн биргелешип иштөөсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: