Menu

Калысбек Жумаканов: “Өлкөдө мал жандыктарынан жуккан оорулар менен жабыркаган жарандардын саны беш эсеге кыскарды”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдиришине караганда, Кыргыз Республикасында мал жандыктарынан жугуучу кутурма, шарп, бруцеллез, эхинококкоз сыяктуу оорулардан жабыркаган жарандардын саны беш эсеге кыскарды. Бул тууралуу 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов Ветеринардык жана фитосанитардык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган иш чарада билдирди.

Салтанатуу иш чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Далбаев Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук тармагындагы бардык кызматкерлерди Өкмөттүн атынан куттуктап, тармакты жакшыртууга мыкты адистигин көрсөткөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган сааттар менен сыйлады.

«Өкмөт тарабынан жылдан-жылга ветеринария тармагына олуттуу көӊүл бөлүнүп келүүдө. Малды дарылоого мамлекеттик бюджеттен акча каражаты мурунку жылдарга караганда үч эсе көп бөлүнүп жатат. Натыйжада жылдан-жылга малдын ылаӊы жана малдан жуккан адамдардын оорусу да азаюуда. Азыркы учурда республиканын аймагы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Республика боюнча ири мүйүздүү мал идентификцаядан өткөрүлүп, маалыматтык системага киргизилүүдө»,-деди Таалайбек Далбаев.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 629 948 баш саан уй идентификцаядан өткөрүлүп, маалыматтык системага киргизилди.

Мындан сырткары малдын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары менен күрөшүү максатында 8 ылаңга каршы стратегиялык план иштелип чыгып, ал дагы бекитилген. Алар: шарп, сибир жарасы, эхинококкоз, бруцеллез, лейкоз, кой-эчкилердин күл, кыргын, кутурма, ылаңдары. Бул аракет малдан жугуучу ылаңды жана ооруган жарандардын санын азайтууга багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: