Кыргызстандан кылгылыкты кылып туруп, кылмыш жоопкерчилигинен качып, өлкөдөн чыгып кеткендер өздөрүн айга күнгө теңетишип, ар кандай соцтармактардан, гезит, сайттардан үзгүлтүксүз каармандарына айланып алышты. Бирок, кылган кылмышы үчүн эртеби-кечпи жооп берүүгө туура келээрин, эл мүдөөсүн орундатууга бийликтин аракети күчүндө экенин көргөн соң куйруктарын кыпчып калган өңдүү. Маселен, Мелис Мырзакматовдун Кыргызстанга келээрин шардана кылып жазып чыккандар акыркы кезде үн-сөзсүз жоголушту. Мырзакматовду апендинин кызындай мактагычтар өз «эмгектери» менен элдин кабыл алуусун байкап көрөлү дешкен го. Эл эбак жеп, ичип, өздөрүн учурунда хан сезип, манаптык «замашкалары» менен жадаткандарды эле жалдырап күтүп аткансып… Арийне, Мырзакматов өңдүүлөр келгиси келсе жамы журтка ана келет, мына келет менен жарыя кылбай эле келе бербейби. Же дагы да болсо элдин атына жамынып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнү мелжеп жатышабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ