Курч, билимдүү, келечекте Кыргызстандагы бирден бир лидер боло турган дарамети бар эле. Балким, улуу муундун интригасына ууланган саясаттан тажагандыр, балким эл ичинде айтылып жүргөндөй мандатын кийинки орунда турган дагы бир акчалууга соодалап жибергендир, кыскасы саясаттан кетти. «Ата-Мекен» партиясынан катары менен 2 жолку чакырылышка депутат болгон Жоомарт Сапарбаев тууралуу кеп кылып жатабыз. Жоомарт мырза ар кандай саясый кырдаалдарда кыйкырып чыга калчу депутаттардын бири эле. Мандатын тапшырган соң эл көзүнөн таптакыр оолак кетти. Жакындан билгендерлин пикирине таянсак Жоомарт мырза бизнес менен алектенип жатыптыр. Эмне бизнес экенин биле албадык. Арийне, акчаны кампайтып алган соң кайра саясатка кайтып келээр. Акчан жок туруп саясатка аралашуу жайдак атка мингендей экендигин сезсе керек да.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ