Menu

Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Парламентти тарата турган абал болуп калган болсо каршы боло албайбыз»

Бөлүшүү:

— Алтынбек Турдубаевич, өкмөттүн отчёту сизди канааттандырдыбы?

— Жалпысынан алганда канааттандырарлык деп эсептейм.

— Алдыдагы президенттик шайлоо ызы-чуу менен өтүшү мүмкүн деген кептер чыгууда. Сиз кандай ойлойсуз?

— Алдын ала көзү ачыктык кылып ызы-чуу чыгып кетет деп айтыш кыйын. Бирок тынч эле болсо жакшы болмок. Азыр өлкөбүз каржы жагынан кыйналып турган кезде кандайдыр бир чыр өтө ашыкча болуп эсептелинет. Тынч, мыйзамдуу жол менен президентти шайлап алсак жалпы элдин, мамлекеттин жеңиши болот.

— Жолдорубуздун абалын кечээ жакында өзүңүз айтып чыктыңыз. Эми бул маселе боюнча сиздин аракетиңиз кандай болот?

— Жолдордун абалы абдан оор. Бишкек-Ош жолу гана оор акыбалда турбастан, мамлекет боюнча жолдордун абалы жакшы эмес экени белгилүү. Башкасын албайлы, борбор шаарыбыздын өзүндө эле көчөлөр начар болуп жатпайбы. Өкмөт канчалык аракет кылып жатпасын жылыш жакшы эмес. Бузулган, талкаланган жолдор менен жүрүүгө аргасыз болуп жатабыз.

— Жыл сайын өкмөттүн алмашуусу адат болуп баратпайбы. Бул өкмөттүн дагы алмашып кетүүсү мүмкүнбү?

— Эгемендүүлүктү алган 25 жылда 28 өкмөттү алмаштырыптырбыз. Алмаштыруу менен маселе чечилип, мамлекеттин экономикасы алдыга жылып кетсе анда алмаштырсак болот эле. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт болуп улам жаңы өкмөт келген сайын жакшы жыйынтык болбой жатат. Ошондуктан өкмөттү алмаштырсак жыргап кетебиз дегенден алысмын. Шайлоого чейин бул өкмөт иштеп турса, анан көрө жатаарбыз.

— Жаңы президент шайланса анан дароо парламентти таратат деген кептер байма-бай айтылып жатат…

— Мыйзам боюнча парламенттин тарашына эч кандай негиз жок. Бирок парламентти тарата турган абал болуп калган болсо, каршы боло албайбыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: