Menu

Дамир Сулайманов, Садыр Жапаровдун досу: «Садыр айтканынан кайтпайт, бир гана чындыктын аркасынан жүргөн адам»

Бөлүшүү:

 

Дос деген сөз үч гана тамгадан турганы менен анын көтөрө турган жүгү оор. Кыйчылыкта, жамандык-жакшылыкта жарма достор иргелип, жакшысы – чыныгы досуң жаныңда калат. Өзгөчө интригасы минут сайын кайталанып турган саясый чөйрөдө дос күтүү абдан оор, саясатчылардын бир аксаганы дагы ушунда. Биз бүгүн камакта жаткан Садыр Жапаровдун жыйырма жылдан бери ысык-суукка чыдап жакын жүргөн досу Дамир Сулаймановду чакырып, экс-депутаттын биз билбеген сырларын сурап көрдүк.

— Дамир мырза, Садыр Жапаров менен качан таанышып, акыреттик дос болуп жүрөсүздөр?

— Садыр кезинде ишкерликте жүргөн. Күйүүчү май менен алектенчү. Ошол убакта мен дагы ар кандай ишкердик менен иштечүмүн. Садыр экөөбүз бир райондонбуз. Садырды сыртынан көрүп таанычумун. Бирок расмий түрдө 1998-жылы Жалал-Абаддын Акман айылынан таанышканбыз. Нышанбек Кочкоров чоң той берип бизди чакырган. Биз келинчегим, кызым болуп барганбыз. Түштүктө сырттан келген конокторду ар бир үйгө бөлүп коноктошот экен. Биз Бекмамат Осмоновдун үйүнө барып конок болуп калып Садыр экөөбүз таанышканбыз. Агасы Сабыр менен барыптыр. Ошол жерден мамилебиз келишип, жолду карай чогуу келип, бири-бирибизге мамилебиз жакшы болуп кеттик. 2005-жылы биздин райондон жалпысынан депутаттыкка 12 талапкер чыкты. Ошол убакта таасирдүү аким дагы бар болчу. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы аттанып жатышкан. Аскар Акаевдин балдызы дагы аттанган. Ошол убакта жардам берип Садырдын жанында жүргөм. Депутат болуп шайланды. Депутат болгонго чейин талапкерлигин алып бут тосууларды жасашты. Кыйынчылыктарды майдалап олтурбайын. Ошол депутаттыкка аттангандагы элге берген убадаларынын көбүн аткарды. Садыр Жогорку Кеңешке экинчи тур менен өткөн. Жаз болуп калган болчу. Эл менен жолугушууда эл күйүүчү майдан жардам суранышкан, макул болгон. Ошол сөзүн аткарды. Канча миллион экени эсимде жок, тонналаган күйүүчү май алып барып Түп районунун айылдарына таратып беришкен. Аларды күзүндө кайра чогултуп алуу маселеси бар болчу. Садыр болсо ошол убакта жанында чогуу жүрдүм, эч нерсесин чогултуп алган жок. Экөөбүз кыдырып жүрүп берген акчаларды айылдан башчы коюп анан “чогулган акчаларды өзүңөр ортого коюп, иштетип, андан түшкөн акчага дары-дармек, айылга керектүү нерселерди сатып бергиле” деп таштап кеткен.

Кийин ар кандай ушактарды чыгарып алыптыр деп айтып жүрүштү. Эч кандай эч нерсе алган жок, мен жанында жүрдүм. Ошол акчаны бүгүн ортодо иштетип пайдасын көрүп жүргөн адамдар бар. Бирок Садыр бир тыйынын да алган жок. 2005-жылы, менин эсимде, мен райондогу элдин үнүн Садырга жеткирип жүрдүм. Жогорку Кеңешке кабинетине барсаң бут коёрго орун жок болот эле. Сасык тумоо болуп жөтөлүп келгени деле жардам сурай берчү. Колунан келишинче жардам берчү. Маселелер көп эмеспи, баарын чечкенге аракет кылчу. Садыр өзү “бир адамга 99 жолу жардам кылып, бир эле жолу жардам бере албай калсаң ал сенин душманың”-деп көп айтчу. Азыр “эл Садырды колдобойт экен”-деп айтып жатышпайбы. Ушундай жакшылыктарды унутуп калган адамдар дагы тилекке каршы арабызда бар экен. Мындан тышкары ал айылдарга атайын футбол аянтчаларын дагы куруп берген. Стадиондору дагы бар. Жыл сайын өз каражатына жаштарга футбол өткөрүп берчү.

— Саясат менен ишкердикте достук болбойт, кызыкчылык болот дешет. 20 жылдан бери дос болуп жүрсөңүз, анын достукка жасаган мамилесин жаттап бүткөндүрсүз?

— Жакшы санаалаш адам катары билем. Садыр достукка өтө бекем. Андан кийин балдарым үйлөндү, өкүл ата койдум. Садыр жаман болсо, балдарыма өкүл ата койбойт элем. Достукка Садыр өтө бекем, эч качан сатпайт. Тигил, бул сатып кетти го десек “сатса алар сата берсин, менден кетпесин, мен сатпайм”дечү. Достукка катуу турат. Таптакыр Садыр айтканынан кайтпайт. Бир гана чындыктын аркасынан жүргөн адам. Өзү калп айтпаган адам, бирөө калп айтып жатса чын кабыл алып ишене берет. Элдин баарын өзүндөй көрөт. “Туура эмес айтып жатат, ал мындай адам”-десек угат, бирок кайра ишене берет. Мисалы, атасы Нургожо аксакалдын “биз эч кимди алдабайбыз, калп айтпайбыз”деген сөзү бар. Булардын үй-бүлөсү ушундай. Атасы ажы, намаз окуган такыбаа киши. 11 бир тууган, бири-биринин сөзүн угушат. Бирөө сүйлөп турганда баары токтоп угушат, сөз талашпайт. Булар баардык жетишкендиктерин өз мээнети менен тапкан. Садыр өзү деле “өзүмдүн байлыгым өзүмө жетет, мен азыр элим-жерим деп жүрөм”деген сөздөрү бар.

— Бүгүнкү акыбалын көрүп жатабыз. “Садыр Кыргызстанга келбей эле койбойсуңбу? Кырдаал оор болуп турат”-деп айтып көрдүңүзбү?

— Аны жеке мен эле эмес, көп киши айтты. Бирок ал бир нерсени көздөсө кайра тарпайт. Эл үчүн кызмат кылам деген ниети бар болчу. Бир туугандары, ата-энеси, достору айтышты. Азыркы абалын, абакта жатканын көрүп туруп жүрөгүм ачышып кыйналып турам. Чындык деп жүргөн адам ушундай акыбалда калса досу менин эмес, алыс адамдын деле жүрөгү ооруп жатса керек.

— Садыр Нургожоевичтин өзүн-өзү кескилегенине ишендиңизби? Атасы болсо “мен баламды Кудай дедиртип чоңойтком, андай ишке барбайт болчу”-деп айтты. Сиз кандай дейсиз?

— Садыр Кудайга ишенген, 5 маал намазга жыгылган адам. Чындыгында ишенген жокмун. Абактан чыккандан кийин чындыгын угаарбыз. Садыр айылына өз каражатына чоң мечит салган. Азыр атасынын наамында турат. Мындан тышкары бир нече айылдарга мечит куруп берген. Анан ушундай адам жанын кыймак беле?

Досумдун балдарынын камалышына жүрөгүм ачышып турат. Камчыбек Ташиев агабыз абдан туура айтты. Садырдын балдары абдан тартиптүү. Чыныгы атанын уулдары. Булар эч качан бирөөгө баш көтөрүп сүйлөгөн адамдар эмес. Өздөрү кандай тарбия көрсө, балдары дагы ошондой тарбия көрөт.

— Досуңуздун ак экенине ишенесизби?

— Акталаарына дагы, ак экенине да ишенем.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: