Menu

Нургожо ажы Жапаров: «Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм»

Бөлүшүү:

“Садыр Жапаровдун туулган жеринде коргоо комитети түзүлөт экен”-деген кабарды угуп биз дагы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылына сапар тарттык. Биз барганда Садыр Жапаровдун ага- тууганы, 84 жаштагы атасы Нургожо аксакал тосуп алды. Нургожо аксакал уулунун акталып чыгаарына жана ак экенине толугу менен ишенээрин айтып олтурду. Көз жашын агызып, уулун күтүп олтурган атаны көрүү, анын айтканын кагаз бетине түшүрүү ушунчалык оор болду. Садыр Нургожоевичтин ага-тууганы, айылдаштары, достору анын кандай экенин айтышып, чын жүрөгү менен элим деп күйгөн адамды бийлик карасанатайлык менен камап олтурганын сөз кылышып, эл уулун бошотулушун талап кылышты.

Нургожо ажы Жапаров, Садыр Жапаровдун атасы:

“Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм”

— Баламды күтүп минтип Кудайдан зар тилеп калам деген оюма да келген эмес. Менин уулум киши тоноптурбу? Мамлекеттин казынасын тоноптурбу? Канчалык деңгээлде зыян кылыптыр? Канжалатып сойгудай канчалык чоң күнөөсү бар эле уулумдун? Бир суроого жооп таппай ооруп да калдым. Жашым 84кө келди. Баса албай, ооруп төшөккө жатып, намаз да окуй албай калдым. Ушул убакытка чейин Садырга Кудайдан коркуп жаша, ак иште, зыян кылбагын деп айтып тарбиялагам. Балам мени угуп чоңойду, ошол эле айткан акылдарымды угуп иштеп келе жаткан. Өлүм мени коркута албайт, жашаарымды жашадым Кудайга шүгүр. Баламды көрбөй кете беремби деп корком. Байбичем муну уккандан бери ооруканада жатат. Мына азыр канжалаган абалы түшүмө кирип кыйналып жүрөм. Ошол күнөөсүз камагандардын дагы мендей атасы бардыр. Уулумдун канжалаган сүрөтүн күндө карап сай сөөгүм зыркырап жатат. Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм. Уулум гана эмес, неберелеримди, балдарымды кошуп камап салышыптыр. Бул эмне деген шумдук? Ушунча дагы акыйкатсыздык болобу айланайындар. Менин үнүмдү жогору жактагыларга айта баргыла. Мейли менден, элдин сөзүнөн коркпосо дагы Кудайдан корксун. Мен аны келе бер балам деп коюп өзүм салып бериптирмин. Оор кылмышкерди кармагандай баса калып кармап кетишиптир. Мен, бир туугандары, апасы турган жерде Садыр кайда качмак? 3 жылдан бери келе элек, келип учурашып анан бармак сурагына. Өзү деле айтты го аны. Эмне кылаар айламды таппай калдым, бир гана силер менин үнүмдү жеткире аласыңар. Эл деле уулумдун ак экенин түшүнүп турат, бирок 4 ооз сүйлөп койгондун баарын камап жатпайбы. Анан алар деле айласы кетип унчукпай жатышат да.

Жумакадыр Жапаров, агасы:

“Садырдын оюнда арамдыгы болсо, мамлекетке кылмыш кылып койгон адам болсо келбейт болчу”

— Садырдын бул иште ак экенине 100 пайыз ишенем. Анткени Садыр менин көз алдымда чоңойгон бала. Аны бир тууган катары жакшы билем. Ал кенедей кезинен бирөөгө жамандык, кыянаттык кылбаган, ак жүргөн бала. Садыр мурда депутат болгондо дагы көп кишилер жамандык кылышкан. Ошондо Садыр “таш менен урганды аш менен ургула, кектебегиле”- деп далайды ашын берип сыйлаган. Бирөөгө жамандык кылбагыла, ага Кудай жеткирет деп айтчу. Азыр дагы 5 маал намаз окуйт. Атасы, апасы, үй -бүлөбүз менен намаз окуйбуз. Бирөөгө жамандык кылбайбыз, бирөөдөн сурабайбыз. Садыр “Элдин жашоосу оңолсун, эл кыйналбасын, жакшы жашасын”- деп айтчу дайыма. Чет мамлекеттен келээрде дагы өзүнүн сөздөрүндө “биздин мигранттардын жашоосун көрдүм, ыйлагым келди, кыргыздын жаш кыздары жер шыпырып, даараткана жууп жүрүшөт. Эмнеге өз мамлекетибизде иштебейт? Жигиттер эмнеге Кыргызстанда иштебейт?”- деп айткан. Садырдын оюнда арамдыгы бар, мамлекетке кылмыш кылып койгон адам болсо ал антип келбейт болчу. Мен Садыр камалганда чек арада тургам. Миң киши дебейин 500 аскер барып оор кылмышкерди кармагандай кармап кетишти. Бир кишини кармаганга ошончо аскер жумшайбы. Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда башка мамлекеттин атуулдарды биздин элди сабап, тоноп кетип жатат, ошолорду бир аскер барып коргобойт. А таза кишини ушунча кордук кылышат. Өзүн-өзү кескилегенине дагы ишенбейм. Ал антип өзүнүн жанын кыюуга барбайт. Анчалыкка бара турган бала эмес болчу. Садыр деген акыл- эси ордунда, түшүнүктүү, Кудай деген адам. Кудай деген адам эч убакта өзүнүн жанын өзү кыйбайт. Муну Садыр жакшы билет, болгону аны күчкө салып эле кескилеп салышты. Кудайдын көзү түз болсо Садыр акталып чыгаар күндү күтөбүз.

Жыпаркүл Акматеримова, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Садырды ата-энеси менен жолуктуруп, үй камагына чыгарып берсе деген тилегибиз бар”

— Мен Кең-Суу айылынын келинимин, келгениме 35 жыл болду. 7 баланын энесимин, көп жылдары мамлекеттик структурада иштегенмин. Мен Садыр Жапаровдун колдоочуларынын биримин. Баарыбыз тең элибизден, айылыбыздан чыгып жаткан мыкты жигитти өкмөт туура эмес мамиле жасап, келе жаткан жеринен кармап кетти. Мыйзамсыз беренелерди койгондугуна карабастан биз ушундай акцияга, митингдерге чыгып жатабыз. Бул деген тынчтык митингдери. Биздин эли-журтубуз, бир-туугандары баары Садырдын жасап кеткен адилеттүү эмгектерин, жардамдарын эске алып бүгүн тынчтык митингине чыктык. Мен Садырды кенедейинен билем. Ал биздин айылдан чыккан мыкты жигитибиз. Карапайым үй-бүлөдө туулуп өскөн, өз эмгеги менен баар тапкан, ата-энеси мыкты инсандар. Садыр көрүп туруп коррупцияга чыдабай бетке айткандыгы менен бийликтегилерге жаман көрүнүп алды. Биздин алдыга коюп жаткан талаптарыбыз чоңдорго жетип, Садырды соту болгонго чейин жок дегенде бир туугандары, ата-энеси менен жолуктуруп үй камагына чыгарып берсе деген тилегибиз бар.

Жайлообай Абыкаев, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Эл-жер үчүн жанын аябаган Садырдай балдарыбызды боштондукка чыгарып беришин суранабыз”

— Мен ушул айылдын аксакалымын. Жогорку бийликтегилер, биздин эми өсүп келе жаткан, эл-жер үчүн жанын аябаган Садырдай балдарыбызды боштондукка, адилеттүүлүк менен чыгарып беришин суранабыз. Элдин, журттун баласы болчу. Жалган жалааны жаап, алып барып олтургузуп коюуга биз нааразыбыз. Ушунчалык кордукка да салабы? Ошол бийликте чогуу болгон өгүзгө тууган күн, музоого да тууйт. Музоого тууган күн, өгүзгө да тууйт. Ошондуктан азыркы бийликте тургандар калыстап, актап балабызды эркиндикке чыгарып беришин сурайбыз. Садырдын ак экенине ишенебиз. Калп айтпаган калктын баласы болчу.

Торгой Шерикбаев, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Садыр өзүнүн көздөгөн максатынан кайтпаган жигит”

— Садырдын бала кезинин жүрүм-турумун билем. Ал жакшы жүрүп, кызматтарга көтөрүлүп келе жатканын баалачумун. Кийин Ысык-Көл облусу, өзгөчө Түп району таптакыр олтуруп калганда нефти менен иштеп, кайра куруу убагында абдан элге жардам берди. Кедей-кембагалдарга көп жардамдарды берип жүрдү. Эл оозуна илинип жүрүп 3-чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды. Ошол шайлоодо чоң тоскоолдуктар болду, бирок баардык сыноолордон өткөн. Кыргызстан элине өзү деле кайрылуу жасап, барып калам деп айтып жаткан. Бала-чакасы, бир туугандары биз тосуп барсак чоң басмачыны кармагандай Кордайдын талаасынан кармап кетишти. Бул абдан туура эмес. Ал биздин пикирибизче УКМКга келип, өзүнүн келгенин билдирип, Горький паркында эл менен учурашып, андан кийин айылга келип жолугушмак. Азыр ата-энесинин акыбалы абдан кыйын болуп жатат. Садыр коррупцияга аралашкыдай мамлекеттик жумуштарда иштеген деле жок. Болгону Бакиевдин учурунда мамлекеттик жумушта комиссар болуп иштеди. Ал убакта деле көп жакшы иштерди жасап, жабылуу жаткан иштердин бетин ачты. Анан эле төңкөрүш болуп калды. Эгер ал өкмөттүн жумушуна аралашып, коррупция жасаганда өкмөт муну ийне-жибине чейин эчак изилдеп, кыйшык баскан туура эмес иштеринин баарын аралаштырмак. Коррупцияга аралашпагандыгы үчүн өкмөт асыла албай олтурушат. Садыр ушунчалык таза, өзүнүн көздөгөн максатынан кайтпаган жигит. Ал Алматыда жүргөндө ага-туугандар “сени Кыргызстанда жаман нерсе күтүп жатат, камашат, билип жатсаң керек”- деп жатканда “мен акмын, эмнеге жооп берем. Эл алдында жооп берем, Кумтөрдү аягына чыгарышым керек”- деп болбой коюп ушул азапка малынып алды.

Кенжебек Өскөнбаев, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Садырдай балдарды камап олтурса келечекте жаш муундар баш көтөрө албай калышат”

— Садыр экөөбүз чогуу окуганбыз. Бала кезибизден чогуу чоңойгонбуз. Садырдын кулк-мүнөзүн мен кенедей кезинен билем. Ал абдан чынчыл, акылдуу, патриот жигит. Улууларга, кичүүлөргө мамилеси жакшы, өтө адамгерчиликтүү жигит. Азыр күйүп жатканым анын мыйзамсыз камалып жатканы болуп турат. Садыр эл үчүн Кумтөр маселесин көтөрүп алып бийлик куугунтугунда болуп үй-бүлөсү, бала чакасы менен кыйналып жатканын кыргыз эли көрүп турат. Азыр бул жердегилердин баарынын жүрөгү ачышып ооруп Садыр деп кыйналып турабыз. Садыр кандай ойлонот, кандай максат кылат эң жакшы билем, андыктан ак экенине дагы толугу менен ишенем. Садырдай балдарды камап олтурса, келечекте жаш муундар баш көтөрө албай калышат. Бийликтин кылган иштери таптакыр туура эмес, жаман иштерди жасап жатышат. Садырыбызды эркиндикке чыгарып, Кумтөр маселесин толук чечип беришсе деп бийликте тургандарга кайрылам. Биздин балабызда күнөө жок. Ошол балабызды калыстык менен Кудайдан коркушса чыгарып беришсин деп айтмакмын.

Жаңыл Ырысбаева, Садыр Жапаровдун аяш апасы:

“Алмаз балам, биздин сыймыгыбыз Садырды бошотуп бер, ал кылмыш деле кылган жок”

— Мен ушул учурдан пайдаланып Алмазбек Атамбаевге кайрылат элем. Айланайын Алмаз балам, Садырды кичинекейинен билем. Садырды өз балдарыбызга кошуп эле чогуу тарбиялап өстүрдүк. Өтө жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдө өскөн бала. Биздин сыймыгыбызды, Садырды бошотуп бер, ал кылмыш деле кылган жок. Коркунучтуу кылмышкер катары кармабаңыз деп айтат элем. Садыр өтө чынчыл анан жөнөкөй бала болуп өскөн. Ал биздин эл сыймыктанган акылдуу бала болчу. Күнөөсүз жерден камап, жүрөгүбүздү оорутту. Биздин балдар менен кошо ойноп чоңойду. Жаман жагы болсо биз көрөт элек, угат элек, кантип эле билбей калалы. Садырдын бала-чакасын кошуп камабай чыгарып алып деле сурагын жүргүзө берсе эч кайда качып кетпестир.

Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: