Menu

Жол кырсыгы боюнча Кыргызстан алдыңкы орунга чыктыбы?…

Бөлүшүү:

Адамдын жүрөк үшүн алган жол кырсыктарынан бөөдө кыйылган өмүрлөрдү кантип жашырмакпыз? Акыркы кездеги автокырсыктардын көбөйгөндөн көбөйүшү баарыбыздын үрөйүбүздү учурат. Бул окуялар жол кырсыктары боюнча да Кыргызстан кооптуу чекке жеткенинен кабар берип жатпайбы. Демек, мындай кооптуу, мезгилсиз жоготуулардын азабынан көз жаштар төгүлүп жатканы зээнди кейитет. Канткенде коопсуз жол көйгөйүн жөнгө сала алабыз?

Автандил Кадыркулов, ИИМ Академиясынын кызматкери:

“Кимдир бирөө “Буга мен жоопкерчиликтүүмүн!” демейинче эч кандай жыйынтык болбойт”

— Ар бир коомго тиешелүү нерсе адамдын жеке жоопкерчилигинен башталат. Жол кырсыктар көп болуп жатат. Бул боюнча кайсы милиция, МАИ кызматкери жумуштан кетти? Баары чырмалышып алышып “көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин” дегендей көрүнүш болууда. Жөнөкөй адамдардын жол коопсуздугу боюнча жоопкерчиликти мойнуна алган мамлекеттик бир кызматкер барбы? Кимдир бирөө чечкиндүү кадамга барып “Буга мен жоопкерчиликтүүмүн!” демейинче эч кандай жыйынтык болбойт. Мына, ар кандай кырсыктар болуп жатат. “Автокырсыктар күнүнө катталууда” деп тизмелеп коюп, ИИМдин жетекчилери отурат кулактарын жапырып укмаксан болуп.

Айбек Мырза, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү:

“Айдоо күбөлүгүн башаламан сатканды тез арада токтотуу керек”

— Кырсыктын көбөйүшү, адамдардын өмүрүнүн бейчеки кыйылып жатканы ачуу, талашсыз чындык. Буга алдын ала чара көрбөгөн бийлик күнөөлүү. Анан дагы адамдардын өздөрү жөнөкөй эле жол эрежени сактабаганы кошул- ташыл болууда. Рулду кармаганды билбей туруп, машинаны сонундукка айдагысы келгендер көбөйдү. Айдоо күбөлүгүн башаламан сатканды тез арада токтотуу керек. Болбосо мындай көрүнүш кайталана берет. Азыр автокырсык күнүнө көбөйүүдө. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” деп, алакандай Кыргызстанды кырып алсак кайдан көбөйүп өнүгөбүз? Эми биз айдоочулук күбөлүктүн санына эмес, сапатына көңүл бура турган мезгил келди. Ал үчүн айдоочуларды окутууну борборлоштуруп, мамлекеттик катуу көзөмөлгө алуу зарыл.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

“Бийликтин шалаакы мамилесинен, көзөмөлдүн начардыгынан зыян тарткан карапайым элге кыйын болуп жатат”

— Ооба, заман кайда баратат? Билбей, түшүнбөй туруп жаштар колуна айдоочунун күбөлүгүн алып, сүйүнүп рулга отурушат дагы аягы каргашалуу окуя менен аяктап жатат. Кайдыгер карап, тобокелге салып туруп, айдоочулук күбөлүктү бере салган жемкор адистерди күнөөлөйбүзбү? Айтор, бийликтин шалаакы мамилесинен, көзөмөлдүн начардыгынан зыян тарткан карапайым элге кыйын болуп жатат. Ар бир жолдун кесилишине видео аппарат коюлуп, автоматтуу түрдө көзөмөл болмоюнча эч нерсе оңолбойт. Бир айдоочунун сабатсыздыгынан, жол эрежесин сактабагандан канчалаган адамдар жабыр тартып жатат. Мисалы, жакынкы Казакстан, Россияны алалы, ал жакта жол маданиятында катуу тартип бар. Жөө жүргүнчү жолдун каалаган жеринен ары- бери өтө бергенге уруксат жок. Эгерде жолду кесип өтсө, аларды дагы жоопко тартат. Мына ушундай иреттүү калыпка салууга бизге да убакыт келип жетти.

Курманбек Молдокулов, Кант шаардык кеңешинин депутаты:

“Бийликтин тийешелүү органдары катуу, таза иштегенде азыркыдай көйгөйлүү, башаламан маселелер өзүнөн-өзү ордуна келмек”

— Маселени чечиш үчүн чоң саясий эрк керек. Өкмөт тез-тез алмашып, ар бир Өкмөт башчысы келгенде жеңил маселе менен алек болуп саясий упай топтоп, оор көйгөйлөрдү кийинкиге калтырып жүрө беришкен. Бүгүн ошонун жыйынтыгын көрүп жатабыз. Комплекстүү чечкенге аракет кылыш керек. Азыр жеке ишкана, менчик мекемелер өздүк транспортторун көбөйтүп, арендага берип каражат топтогондор көбөйдү. Бул маселени кабыргасынан коюп, өзүм билемдикти жоюу бүгүнкү күндүн талабы. Мунун баары барып- келип эле бийликке такалат. Бийликтин тийешелүү органдары катуу, таза иштегенде азыркыдай көйгөйлүү, башаламан маселелер өзүнөн-өзү ордуна келип, айдоочу да, көчөдөгү адамдар да маданиятка тез эле жетишери бышык.

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:

“Өлүм-житим көбөйүүдө, паспорттор сатылып, мамлекеттин бетине көө жабылып жатат”

— Өмүрү кыйылып жаткан элдин убалы кимге? Оң рулдуу машиналарды Кыргызстанга киргизгени өлүм-житимдүү жол кырсыктарынын биринчи себеби. Анткени, биздин өлкө ООНдун Конвенциясы боюнча сол рулдуу жана оң тарапта жол жүрүүчү өлкөлөрдүн катарына киребиз. Демек, жол жүрүү тартиби оң рулдук машиналарга кескин түрдөө ыңгайсыз. Экинчиден, айдоочуларды даярдоо көзөмөлсүз калган да айдоочулук күбөлүк, паспортторду берүү соода жолуна өткөн. Кесепети элге, мамлекеттин аброюна шек келтирди да, барган сайын жол кыймылында башаламандык орноду. Өлүм-житим көбөйүүдө, паспорттор сатылып, мамлекеттин бетине көө жабылып атат десек туура болот.

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи:

“Кырсыктарды азайтыш үчүн жол көзөмөлдү “живой” МАИ кызматкерлер менен күчөтүш керек деп ойлойм”

— МАИлер көчөдө көрүнбөй калды. Мурун күндүр-түндүр ар бир бурулушта туруп, милиция кызматкери жол бузуучуларды тартипке чакырчу эле. Жолдордо көзөмөл аз, ошон үчүн кырсык көбөйдү. Ар бир мамлекеттин өзүнүн жол менталитети болот. Бизде болсо канчалык милиция катуу көзөмөлдөсө, ошончо бийик тартип болмок. Муну эл деле түшүнүп, билип, байкап турат. Көзөмөлсүз жолдордо жүрүү кандай керемет, бирок бизге али эртерээк экен. Маселен, мен деле штраф төлөгөндөн кийин бир ай тартиптүү айдап, андан кийин көчөдө милиция болбогон соң кайрадан анча-мынча боло берет экен деп кур тагынбайм, же туура эмес жерге машинамды токтотуп коюп жатпаймбы, кашайып. Бул көрүнүш жол маданияты түптөлүп, биздин аң-сезимге бекем адат болуп кирбегенин далилдейт. Ошол үчүн айланайын кыргызстандыктар, кырсыктарды азайтыш үчүн жол көзөмөлдү “живой” МАИ кызматкерлер менен күчөтүш керек деп ойлойм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: