Menu

Темирбек Асанбеков: «Саясый эркибиздин жоктугунан, экономикасы күчтүү мамлекеттердин  таасирине байланып, алсыз, көз каранды экономикабыз түптөлгөн»

Бөлүшүү:

Өлкөбүздө саясий окуялар байма-бай болуп турат. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери өз башынан эки революцияны өткөрдү. Азыркы мезгилде саясий туруктуулук болгону менен саясат айдыңында болуп жаткан лидерлердин тирешүүлөрү, учурдагы акча тартыштыгы, экономикалык каатчылык, кыйынчылыктарга муюбай чыдап келген кыргыз элин ого бетер каржалтты. Мындай абалдан чыгуунун жолдору барбы деген максатта “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын лидери Темирбек Ишенбаевичти кепке тарттык.

–  Темирбек Ишенбаевич, Кыргызстандын саясий абалы туруктуу болгону менен саясат айдыңында өз ара пикир келишпестиктер бар. Жакында сиз кайрылуу жолдоп, тараптарды компромисске чакырдыңыз. Мунун таасири канчалык болот деп ойлойсуз?

– Саясый иштерге сырттан келип аралашканыма жетинчи жыл болду. Сабырдуулук менен иш алып барып, бийлик өкүлдөрүнө да, саясый оппоненттериме да мазмунсуз популисттик сын тагуудан, декридитациялоо ыкмаларынан алысмын. Саясый-экономикалык программаларым, жалпы улутубузду бириктирип, күчтөндүрүү багытында негизделген. Азыркы жогорку саясый деңгээлдеги, эл ишенимине татыктуу болгон саясый өкүлдөрүбүздүн ич ара саясый келишпестик тирешүүлөрү ” Мекен Ынтымагы ” партиясынын мамлекеттүүлүктү өнүктүрүү саясый концепциясынан алыс. Кимиси болбосун, жеке саясый таасир этүү, үстөмдүктөргө жетишүү аракетинде, муну менен алар Кыргызстанды саясый экономикалык каатчылыктан алып чыга албайт. Албетте, биздин кайрылуу сунуштарыбызга көңүл бурулуп,  тез арада эле коомдо өзгөрүү болуп кетет дегенден алысмын. Акыркы убактагы жалпы элибиздин турмуш талабы, баарыбызды саясый биримдүүлүккө алып келип, мамлекетибиздин татыктуу өнүгүүсүнө, эртели кеч саясый жол ачаарына көзүм жетет.

– Таза, калыс, жаш кадрлар башкаруу системасына келиш керек деген элеңиз. Келе жаткан президенттик шайлоого командаңыз менен барасызбы?

– Саясый кырдаалга, жалпы элдин өзүмдү саясый ишмер катары кабыл алуусуна жараша, убагында чечим кабыл алам. Азыр президенттик шайлоо маселесине эрте, Алмаз Шаршенович өз милдетин аткарып жатат.

– Барган сайын акча тартыштыгы күч алып, мекемелер, жеке жарандар кыйналууда. Акчалар кайда кеткен, мындай абалдан канткенде чыга алабыз?

– Кыргызстандын ички экономикалык өнүгүү стратегиясы жокко эсе. Саясый эркибиздин жоктугунан, экономикалык таасири күчтүү мамлекеттердин саясый таасирине байланып, тейлөө-чарбачылык багытындагы гана алсыз, көз каранды экономикабыз түптөлгөн. Андыктан, эл аралык саясаттагы өнүккөн мамлекеттер ортосундагы саясый-экономикалык тирешүүлөрдөн чыккан экономикалык каатчылык Кыргызстанга тез арада келди. 2016-жылы 15-апрелде КТР тарабынан уюштурулган теледебатта, азыркы парламентте отурган партиялардын фракция жетекчилерине түз кайрылгам. Келе жаткан экономика каатчылыгы акча-каражат саясатына өтө оор тоскоолдуктарды жаратаарын эскертип, саясый чечим кабыл алууларын өтүнгөм. Бүгүнкү күнгө чейин ички экономика туруктуулугубузду сактап калуу программасы кабыл алынган жок. Тескерисинче, бири бирибизге компромат издөө, бийлик талашуу, саясый тирешүү, соодалашуу амалдарына өтүштү.

– Экономикалык каатчылыктан чыгуунун жолдору барбы?

– Албетте,  чечилбес маселе болбойт. Мамлекеттик экономиканын өнүгүүсүнө бөгөт коюп, өзүлөрүнүн мансапкорлук таасирин күчтөндүрүп алган саясый өкүлдөрүбүздүн, бийлик бутагына болгон кийлигишүүлөрүн токтотпосок, Кыргызстандын экономикасы эч качан өнүкпөйт. Саясатка жамынып алышып, улуттук маанидеги кен байлыктарды, акча каражат саясатын, башка стратегиялык мамлекеттик маанилүү тармактардын баарын ээлеп алышкан. Саясатчылар жана мамлекет кызматкерлери эл ишенимин алгандан кийин, жеке ишканаларын иштетүүгө, бизнес кылуусуна мыйзам чегинде катуу көзөмөлгө алынып, тыюу салынуу керек. Жалпы коомдук казынаны түптөп, мамлекеттик экономикалык өнүгүү стратегиясына жол ачып, жарандарыбызды иш менен камсыз кылып, адилеттүү башкаруу системасын орнотуу болгондо гана экономикабыз өнүгөт. Ички чарбачылык мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу колдонуп, экономика моделине багыт алганда гана, Кыргызстандын экономикасы көтөрүлүп, тышкы карыздардан кутулабыз.

– Жумушсуздуктун айынан миграция дагы деле күчүндө. Мындай абалдан чыгуу максатында мамлекет кандай кадамдарга барыш керек деп ойлойсуз?

– Биринчиден, азыркы социалдык экономикалык оор шарттарды элге ачык айтып, популисттик мазмунсуз экономикалык жалган программалардан баш тартуу керек. Саясый өкүлдөрдүн, депутаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин саясатка жамынып, эки жүздүүлүк менен экономикага тоскоолдук кылып жаткан иштерине жол берилбей, коомдук жоопкерчиликтерин көзөмөлгө алуу керек. Жалпы улуттук кен байлыктарды, жогорку кирешелүү стратегиялык экономика тармактарын, бийлик институттарынын иш аракеттери менен мамлекеттик казынаны түптөөгө багыттоо зарыл. Атайын мыйзамдар аркылуу, жергиликтүү ички ишканаларга жеңилдиктерди алып келүү менен саясый – экономикалык токтомдорду кабыл алып, Кыргызстандын жарандарын иш менен камсыз кылуу саясаттары аткарылса гана жумуш орундары пайда болот.

– Башкаруу системасынын учурдагы жүргүзүп жаткан ишине берген бааңыз?

– Башкаруу бийлик институттарынын ички жана тышкы саясатты алып баруу багыты, ишенимдүү деңгээлде аныктала элек. Улуттук экономика болсо, кен байлыктарды ысырапчылык менен төмөн баада сатуу жана соода, тейлөө тармагындагы ишканалар менен гана чектелүүдө. Мамлекеттик казынанын түптөлүү булагы начар, жалпы коомдук социалдык милдеттер, эл аралык каржы фонддорунун кредиттерин карызга алуу менен чечилүүдө. Ал эми карапайым элдин турмуштук маселелери, чет өлкөлөрдө эмгектенген элибиздин, акча каражаттарынын күчү менен аткарылып жатат. Мындай көрүнүш, мамлекеттин экономикасы жокко барабар экенин далилдейт.

– Сиз Россия менен кызматташтыкта иш алып барасыз. Кыргызстанга кандай багытта инвестиция тартса болот? Учурда кайсы долбоорлор менен иш алып баруудасыз?

– Азыркы саясый талаш-тартыш, бийлик бутактарынын жеткиликтүү деңгээлде иш алып бара албаганы, мыйзам бузуулар, чет өлкөлүк инвестиция эмес, ички акча каражат саясатына коркунуч алып келип жатат. Ошондуктан, ачык саясый кайрылууларды коомго жарыялап, экономиканын багытына тоскоолдуктарды алып келип жаткан, туура эмес саясый иштерди токтотууну өтүндүм. Андан тышкары, үзгүлтүксүз эл менен иштеп, ” Мекен-Ынтымагы ” партиясынын саясый – экономикалык программасын жеткирүү аракетиндемин…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: