Menu

Күнболот Момоконов, журналист: “Көп түкүрсө көл болот же Кыргыз сөөгүн талаага таштаган эмес”

Бөлүшүү:

Оштогу болгон каргашалуу окуя бизди эле эмес, дүйнө жүзүнүн көңүлүн ооруткан кайгылуу окуя болуп жатат. Ошол себеп, баардык мамлекеттердин Президенттери өз аза кайгыларын бөлүшүүдө. Аю айылындагы жер алдында калган бир боорлорубуздун жакындары ызаадан кан жутуп туру. Мамлекетибиз жер алдындагы адамдарды (маркумдарды деп айтканга ооз барбайт) алып чыгууда алсыздыгын көрсөтүүдө. Теледен көрүп байкаганыбызга караганда бир топ аскерлер миллиондогон тонна топуракты ишембиликке баргандай күрөк менен каалгып тээп, ырсаңдап иштеп атышат. Топуракты салган идиштери каптар. Мындай учурда чукул кырдаалды колго алып жер алдында калган бир боорлорубузга камкордук кылып жатабыз деп айтууга болбойт.

Президентибиз кайрылуу жолдоп, өзүнүн жалгыз коюн айтып, алар өлбөсө мендей болот беле(?) дегенчелик көңүл жубатып, күнөөнү дароо элдин өзүнө оодаргандай болду. 3 күн мурда эскертүү берилген дейт. 3 күн билгенге үй-мүлктү көчүрүп кетүүгө чукул учур. Ушул жагдайды эске алганда чукул кырдаалдар минстрлиги кырдаалдын дал ушундай болоорун билгенде, дароо элдин шартын эске алып, алардын көчүп баруу жерин аныктап, шарттарын белгилеп, көчүп кетүүгө жок дегенде унаа жактардан, барган жерине жок дегенде палатка тигип берип коюу жагын карап койсо болот беле? МЧСтин милдети кандай эле? Басып калганда барып, жер алдынан сөөктөрдү сууруп чыгып, жандалбастап алардын сөөктөрүнө палатка тигип, “мамлекет силерди камкордукка алат” деп жакындарынын жанында миллиардарда түккө турбаган учурда акча сунуп туруу беле? Борооновду боктоп койгондун ордуна ажобуз “өзүңөр күнөөлүүсүңөр” таризде сөз козгоду. Боронов кетмейин элибизде бороон-чапкын токтобой калды сыягы. Элибизде ушундай улуу түшүнүк бар, адамдын аты, фамилиясы да кандайдыр бир кырдаал, учурларга чакырык таштайт деген. Ошол үчүн Адахан Мадумаров “желегибиздеги күн караманын сүрөтүнөн арылбасак, күн карама болуп жүрө беребиз” дебегендир. Эми бул аргасыздан айтылган элдик ишеним. Чындыгы да болуусу кажет..

Окуя болгон жерге бир топ азаматтарыбыз барып, элдин абалынан кабар алышты. Анысына рахмат. Бирок, ал дагы саясий пиар катары көрүлүп жаткандай түр берет. Ошондой болбосо оюм омкорулуп эле калсын, жакшысынан болсун ылайым. Тилекке, каршы ал жердеги абал азыр алардын барып койгонунда, аны ооз көптүрүп “биз бардык, ал эле, бул эле” деп айтууда эмес, жер алдында калгандарыбызды кантип алып чыгабызда болуп жаткан соң, ошонун жолун жалпылап ойлонуу маселеси турганында. Ушундан соң көп түкүрсө көл болот деп, элдик кошуун түзүп, эл деп жер сабаган Салымбеков, Бабанов, Төрөбөев, Сариев, Ташиев, Мадумаров, Келдибеков, Сулайманов сыяктуу азаматтардын жардамдары аркылуу өлкөнүн туш тарабынан элдик кошуундар түзүлүп жер алдында калган бир боорлорубузду алып чыгуу үчүн алдыбызга түшүп жогорудагы азаматтарыбыз коштоп барса, үзүлгөн үмүтүбүз тирилип, биримдигибиз артылып, улут катары улуулугубуз даңазаланат эле деген тилек.
Ар бир кыйын кырдаалда ушул эле жайытта улут азаматы болуп, аларга жардам көрсөтүү демилгесин козгоп, демилге көтөргөн, ал турсун өлкөбүзгө келген туристердин уурдалган акчасын алганыбыз уят деп, ага акча чогултуп берген журт жакшылары кайдасыңар?

Ушул тапта ал жерди казып олтурбай, мазар жайга айлантсак деген демилге чыгып жатканы айтыла баштады. Бул акылга сыйбаган иш. Кыргыз өз боорун талаага таштаган эмес. Тарыхта ушул күндө төрөлүп жашап жаткан баарыбыз үчүн келечек алдында алсыз, арсыз, намыссыз, уятсыз иш бойдон калып калышы мүмкүн. Эгер ошондой кадамга барсак, анда алдыдагы журт жакшысы болом деген ар бир азаматыбызга Кыргыз элинен түбөлүк суроо “Аю айылындагы бир боорлорубузду эмнеге казып алып, каадасы менен кудай колуна берген жоксуңар?” Бул баарыбызга берилчү суроо. Эгер кудайдын каалоосу менен аман калгандары болуп, элдин жардамына муктаж болу жаткандары болуп жатсачы? “Эми ошончодон тирүү калды дейсиңби” деген пендечилигибизди агытып, топурак алдына кирип чыккандайларыбызда табылаар…

Кыргыз кетмен-күрөгү менен эле бир кичинкей өзөн эмес, бир облустун баш аягына чыккан Чоң-Чүй каналын казып салган. Жети кап алтын жатат десе, жер үстүндө жаткан топуракты эмес, алдын да казып кирип кетет элек.
Андыктан мамлекеттин колуна кол, бутуна бут болуп Элдик кошуун түзүү зарылчылыгы бар.

Күнболот Момоконов, Фэйсбук.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: