Menu

Жоошбеков жоо эмес, бирок…

Бөлүшүү:

Май талкандуу Эсеп палатасынын аудиторлук кызматына жаңы отурган мурдагы депутат Заирбек Жоошбековдун жашыруун жаңылыгын азыркы депутат Гүлшат Асылбекова ачыктады. Тилчи Заирбек Жоошбеков жаңы кызма­тына туура келген экономист кесибин кечээ жакында эле алганын Гүлшат айым айтып, “2017-жылы эле экономист кесибине ээ болгон адам кантип аудитор болуп кетти? Ушул суроону бербей калганыма өкүнүп жатам” – деди. Бизде дайыма ушундай да. Айыл чарба адистери аэропортту башкарат, педагог-тилчилер аудитор болуп шайланат. Жоошбековдун экономика тармагын ийне-жибине чейин иликтеп, өз күчү менен окуп бүткөнүнө деле ишенич жок. Албетте Жоошбеков бизге жоо эмес, бирок бөдөнөнү сойсо да, касапчыга берсек туура болоор беле?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: