Menu

Айдоочулардын да абийирдүүсү бар

Бөлүшүү:

Ордо калаабыздагы маршруттук таксилердин айдоочуларын сөкпөгөн киши жок болсо керек. Себеби акчанын артынан кууп, адам өмүрүн 10 сомдон ашык баалабай, шаардагы авариялык кырдаалды жараткандардын көбү дал ошол “маршрутчулар”. Ошол “айбандардын” айынан далай өмүрлөр да кыйылган, жакшынакай жарандар майыпка айланган. Бирок арасында абийирдүүлөрү да бар. Мисалы кечээ Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишинен көрүп алып көз кубанган маршруттук таксинин айдоочусуна алкыштан башка айтаарыбыз жок. Ал маршруткасынын алдыңкы терезесине “кош бойлуу айымдарга жол кире акысыз” деп жазылган кагаз чаптап алган. Энени сыйлаган адам мыйзамды да сыйлайт. Акчанын артынан куубайт, унаасындагы жүргүнчүлөрдүн өмүрү Кудайдын аманаты экенин дагы унутпайт. Кудай буйруп, Бишкек шаары “жапайы маршрутчулардан” биротоло кутулуп, жакшынакай автобустар, троллейбустар жүрүп баштаганда, дал ушундай абийирдүү айдоочулар сөзсүз ишке тартылышы керек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: