Menu

Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорун «Кыргызтелекомдун» базасында ишке ашыруу демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча мурда өткөрүлгөн тендер мыйзамсыз болгон, азыр соттук териштирүү жүрүүдө, ошондон улам, кыргыз тарап сот ишине аралаша албайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетиндеги «Коопсуз шаар» долбоорунун бет ачарында билдирди. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

«Менимче, «Коопсуз шаар» долбоору «Кыргызтелеком» ишканасынын базасында ишке ашырылса, мамлекет үчүн кыйла арзанга түшөт. Сот иштери аягына чыккан соӊ, Өкмөт тарабынан долбоорду ишке ашыруу жаатында жигердүү аракеттер көрүлө баштайт. Ошого карабастан, азыркы учурда Бишкек жана Ош шаарларында видеобайкоо жүргүзүүнүн программалык жабдууларын орнотуу керектелүүсүн баалоо иштери башталды», – дейт вице-премьер-министр.

Маалыматка караганда, зарынча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун каржы булактары аныктала элек. “Кыргызтелеком” ишканасынын башчысы Нурлан Мадеминовдун айтымында, Орусия, Кытай, Канада компаниялары бул багытта өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүнү сунуштаганын билдирди.

Бир катар депутаттар Кайгуул милициясынын жетекчисинин ушундай маанилүү маселе каралган жыйынга катышпаганына нааразылыктарын билдиришти. Тармактык комитеттин төрагасы Марат Аманкулов Кайгуул милициясынын башчысы Эркин Баевдин буга чейин да такай жыйындан качып келгенин эске салып, Премьер-министрге анын ээлеген кызматына шайкештигин кароо тууралуу кат жөнөтүү сунушун берди.

Депутат Бакыт Сыдыков мектептерде видеобайкоо жабдууларын орнотуу абалына кызыкты. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, Бишкек шаарындагы мекетептердин баарында андай жабуулар орнотулганын, ал эми элет жергесинде кыйын болууда. Депутаттар ал үчүн 2018-жылдын бюджетинде каражат кароо сунушун беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: