Menu

Жалал-Абад шаарында жер астынан өтүүчү өтмөк курулат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы борбордук Ленин жана Нагийма Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан жөө адамдар өтүүчү өтмөк жол курулат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон расмий иш сапарынын учурунда Жалал-Абад шаарындагы  жөө адамдар өтүүчү өтмөк жол курулуучу жерде шаар тургандары менен жолугушту.

Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго шаардын борборундагы Ленин жана Н. Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлгандыгына карабастан, автотранспорт каражаттарын башкарган айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн ортосунда авариялык кырсыктар көп катталаарын белгиледи. Ошондуктан шаар тургундары борбордук көчөлөрдүн кесилишине жөө адамдар өтүүчү атайын өтмөк жол куруу өтүнүчтөрү менен кайрылышкандыгын билдирди.

—   Жалал-Абад шаары республикадагы ири шаарлардын катарына кирет. Ошондуктан шаардын инфраструктурасын жакшыртууга Кыргыз Өкмөтү тарабынан такай көңүл  бурулат. Бул максатта облустардын борбору болгон шаарларды өнүктүрүү долбооруна ылайык республикалык бюджеттен атайын каражат каралууда. Ага ылайык Жалал-Абад шаарында 6 көчөнү оңдоо, 2 орто мектепти, 1 спорт залды жана жер астынан өтүүчү өтмөк жол куруу иш чарасы быйылкы жылдын иш планында каралган,- деди КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков.

Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин жана Н. Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине курулуучу жер астынан өтүүчү өтмөк жолдун узундугу 30,9 метр, туурасы 7,8 метрди түзөт жана аны бүткөрүүгө республикалык бюджеттен 21 млн. 776 332 сом каралууда. Учурда анын курулушун ишке ашыруу боюнча ачык тендер жарыяланды.

Жалал-Абад шаарында буга чейин Ленин көчөсүнө 5 млн. 700 миң сомго узундугу 25 метр жана туурасы 3 метр келген жана 3,5 млн. сомго узундугу 21 метр, туурасы 3 метр келген 2 жөө адамдар жер үстүнөн өтүүчү атайын үстү жабылган өтмөктөр курулуп, ишке берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: