Menu

Нурлан Шакиев FullHD сапаттагы заманбап телеканал ачты

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 1-майында заманбап NTV телеканалынын ачылышы болду. Бул чындап эле тарыхый окуяга айланчу кабар. Анткени, жаңы редакциянын алдыга койгон максаттары арбын.

“Чү” дегенде эле, NTV телекана­лы эфирди өлкөнүн бардык аймагына FullHD форматында алып көрсөтүү менен баштады. Айта кетчү нерсе, учурда мындай жогорку сапат менен Кыргызстанда башка бир дагы теле­канал иштей элек. Ал эми жакынкы күндөрү NTV телеканалы спутникке чыгуу менен Кыргыз Республикасынан сырткары КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Орусиянын чон шаарларына, Казакстанга, андан тышкары Түркияга, ал тургай Түштүк Кореяга чейин обого чыкмакчы.

“Бул аймактарда кыргызстандык мигранттар көп болгондуктан, ушундай кадамга барууну туура көрдүк”,- дейт телеканалдын башкы директору Нурлан Шакиев.

“Мыкты адистер – ийгиликтин башаты” демекчи, NTV телеканалы­нын ар бир кадры кылдаттык менен тандалып алынганын айтат телеканал башчысы. Ал эми Нурлан мырза тууралуу айтсак, ал-журналистика тармагында мол тажрыйбасы бар жетекчи. Убагында мамлекеттик “Эркин Too” гезитинин башкы редактору болсо, кийинчерээк ЭЛТР телеканалын жетектеген. Ошондой эле, Нур­лан Шакиев – мурдагы маданият министри. Бул инсан менен качандыр бир иштешкендер бир ооздон анын мыкты менеджерлик сапаттарын айтышат.

Берүүлөрдүн негизги бөлүгүн саясат эмес, маданият, тарых, табият жана акыркы жанылыктар ээлейт. Жаны телеканал негизги милдети ка­тары – коомдогу агартуучулукту карманат. Жалан эле терс көрүнүштөрдү көрсөтө бербей, оң жактарды да көбүрөөк даназалоого умтулат. Ант­кени, коңшу өлкөлөр Кыргызстандын
жакшы жактарын билүүсү керек деп эсептейт телеканалдын жамааты.

NTV каналынын берүүлөрүнүн 70 пайызы кыргыз тилинде, 30 пайызы орус тилинде чыгат. Мындан улам, Жогорку Кеңеш тарабынан “Телерадиоберүү жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, көрсөтүүлөрдүн 50%ы өздүк продукция болуп, 60%ы кыр­гыз тилинде чыгуусу шарт деген милдетти бул телеканал колдойт жана ишке ашырат. Алгач телеканал суткасына 17 сааттык берүүлөр менен көрүүчүлөрдү кубандырат. Анын ичинде жанылыктар күнүгө 5-6 жолу чыкмакчы.

Телеканалдын техникалык жетишкендиктери да мактанаарлык. Заманбап үлгүдөгү видео жана ау­дио жабдыктар гана эмес, ал тургай атайын студиялар да бүгүнкү күндүн талабына ылайык, виртуалдык фон менен жасалууда.

NTV телеканалынын аты жөн жерден латын тамгалары менен жазылган жок. Келечекте эл аралык аренага чыгууну көздөгөн телеканал­дын жамааты – атын дал ошол стандарттарга ылайык аткарган.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: