Menu

Камчыбек Ташиев: “Мамлекет элге иштеши керек”

Бөлүшүү:

Оппозициялык саясатчылардын арасында компромисске барбаган бирден бир саясатчы катары таанымал Камчыбек Ташиев эки жылдан бери биринчи жолу ишмердүүлүгү тууралуу маек берди. “ВБ” менен маектешүүдө ал АКШга болгон сапары, Өмүрбек Бабанов менен “ажырашуусу” жана саясий амбициялары жөнүндө ой бөлүштү.

– Белгилүү болгондой, азыр эч жерде иштебейсиз. Аны билген окурмандар “Ташиевдин үй-бүлөсү кайсы каражатка жашап атышат” деп кызыгуулары мүмкүн. Анын үстүнө мындай ачыктык саясий тренддердин алдыңкысы эмеспи.

– Баары жөнөкөй: биз үй-бүлөлүк бизнестен түшкөн кирешеге жашайбыз. Бул – нефть продукцияларын сатыкка чыгаруучу компания. Аны 1990-жылдардын аягында түптөгөм, баса, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери аталышын өзгөрткөн жок.

Мага андан түшкөн киреше тиричиликке гана эмес, кайрымдуулук иштерди жасоого да жетет: оорукчандарга, окуусунун акысын төлөй албаган жетимдерге жардам берем, өзүмдүн туулган айылымдагы кайсы бир чарбалык маселелерди чечем. Ар кандай шектүү ойлорго чекит коеюн: мен мамсектордо иштеген убактарда компанияны бир туугандарым жетектешкен. Мамлекеттик кызматтарда иштеген жылдары бир кышты да менчиктештирбегем, бир сотых жерди да бекер албагам. Менин ысымым коррупциялык жаңжалдарга байланышпаган. Ошондуктан, бир нерсени далилдегенге муктаждык жок, эгер ушундай кылмыштарды жасаган болсом, эчак эле атаандаштарым коомчулукка жар салышмак.

– 2015-жылдын декабрь айында сизди “АКШга туруктуу жашаганга кетти” деген кеп тараган. Биздин оппозиционерлер АКШга каржылык колдоо издеп барышаары белгилүү деле болуп калбадыбы. А сиз эмнеге бардыңыз?

– Анда турист болуп эле баргам – олуттуу саясий кыйынчылыктан кийин кырдаалды өзгөртүүнү каалагам (бул сапардын алдынан Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги парламенттик шайлоодон алынган – vb.kg). АКШда бир айга жетпеген убакыт болдум. Бир нече штаттарды жана шаарларды автоунаа менен кыдырдым. Менин саякатымды уюштурууга ал жактагы мекендештерибиз жардамга келишти. Штатта расмий адамдар менен гана эмес, карапайым америкалыктар менен да пикир алыштым. Белгилеп -коёюн, бул сапар бизнеске да, саясатка да байланышпайт.

– “Республика – Ата Журт” партиясы парламенттик шайлоодо жакшы жыйынтыгын көрсөттү. Кийинчерээк ММКлар Өмүрбек Бабанов экөөңүздөрдүн эки айрылыш жолго түшкөнүңүздөр тууралуу маалыматтарды жарыялашты. Бирок, саясий “ажырашуу” ушул убакка чейин юридикалык жактан тастыктала элек да?

– Ооба, ошондой. Негизинен, биз азырынча расмий билдирүү жасай элекпиз. Бирок, партияны эки бөлүү боюнча келишим бар. Анан да, 28-майда боло турган 17 аймактагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтсүз шайлоого “Ата Журт” өзүнчө, “Республика” өзүнчө барат. Андан кийинки бардык шайлоолордо бул эки партия өзүнчө ат салышат.

“Республика-Ата Журт” фракциясы тууралуу айтсам, ал 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү аяктагыча иш алып барат. Фракция депутаттары фракциянын аталышын “Республика” же башка кылып өзгөртүүнү чечишсе – буга мыйзам жол берет. РАЖ партиясын бөлүү боюнча юридикалык чечим жакынкы аралыкта кабыл алынат, Өмүрбек Токтогулович сөзүндө турган саясатчы деп ишенем.

– Сиз кандай ойлойсуз, бул эки партиянын кайсынысы элдин колдоосуна көбүрөөк ээ болот?

– Болжомолдоонун мааниси жок деп ойлойм. Бул жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгынан эле белгилүү болот. Ошондо кайсы партия реалдуу рейтингде экенин билебиз.

– “Ата Журт” президенттик шайлоого өзүнүн талапкерин көрсөтөбү? Кимди көрсөтөт? Сиздиби?

– “Ата Журт” сөзсүз өз талапкерин чыгарат, бирок, азырынча кимди көрсөтөөрүбүздү аныктай элекпиз. Партиянын лидерлеринин бири чыгат.

– ММКдагы маалыматтарга ишенсек, Бабанов менен консолидация сиздин партияңыз үчүн акыркы эмес. Чындап эле, сизден башка Келдибеков менен Мадумаров да кошулган трио пайда болобу?

– Алгач “Республика” менен “ажырашууну” күтүшүбүз керек, андан кийин гана жаңы саясий конфигурацияны курууга болот.

– Сиз оппозицияда эчактан бери жүрөсүз. Башталышында сиздин бийликке карата позицияңыз жетиштүү агрессивдүү болчу. Азыр бир топ сабырдуу болуп калдыңыз. Эмнеге?

– Балким, жөн эле тажрыйба топтогондурмун. Саясатчы коомчулукка пайдалуу боло албаса да, зыянын тийгизбеши керек деп айтышат. Мен бүгүн ушунун маанисин түшүндүм. Учурда мен эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебейм, парламентте эмесмин, коомдук билдирүү жасабайм, бирок элге керекмин. Менин рейтингим ылдыйлабады (коомдук пикирлердин Gallup америкалык институтунун иликтөөсүнө караганда, Камчыбек Ташиевге 11%дан аз эмес кыргызстандыктар ишеним беришет, эл ишеними боюнча саясий рейтингде үчүнчү орунда турат – vb.kg), бул көрсөткүч акыркы убакта эч кандай пиар-акциялар менен алектенбесем да, ММКлар менен кызматташпасам да пайда болду. Менин жөн гана мекендештериме пайдалуу иштерди жасагым келет.

– Сиз үчүн активдүү митингдер өткөн учурлар да болду. Бирок, сизди БШК парламенттик шайлоодон четтеткенде, дароо эле тарапташтарыңызды митингге чыкпоого чакырдыңыз. Бул сизге мамлекеттеги туруктуулук башкы маанигее ээ экенинин белгисиби?

– Саясаттагы бардык маселелерди митингсиз жана кагылышууларсыз чечүү туура болоорун түшүндүм. Элдин таасирине таянып, аларды көчөгө алып чыгуунун кереги жок. Саясий атаандаштын алдындагы жеңиш, эгер ал мыйзамдуу жол менен, шайлоонун жыйынтыгында келсе гана, бир топ ынанымдуу болот. Мына ушунда гана элдин колдоосу маанилүү.

– Евразия интеграциясына кандай карайсыз?

– ЕАЭБ- бул мурдагы советтик аймактагы башкы экономикалык уюм. Бул альянска катышуу үчүн -Кыргызстан үчүн бир топ табигый интеграциялык жараян. Биз Россия жана Казакстан менен тарыхый жана экономикалык жактан абдан байланыштабыз. Ошондуктан, башка биригүүлөрдүн болушу мүмкүн эмес. Анын үстүнө бул бирикмеде ал расмий белгилене электе эле эмгек мигранттарыбыз аркылуу болгонбуз. Мен ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүбүз менен экономикалык жана саясий кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз керек деп эсептейм, анткени, бул нерсе элдин муктаждыгы. Мамлекет өз жарандарынын кызыкчылыгына каршы иш кылса, ийгиликке жетишпейт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: