Menu

“Германиядан келген коноктор музейге коюлган патефонду 500 еврого сатыңыз” дешти дейт  элеттик  мугалим Махамаджан Мадаминов

Бөлүшүү:

Сузак районундагы М. Хакимов атындагы №2 “Дом Ата” орто мектебинде Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдраманов атындагы “Адабият-маданият-искусство” музейи ачылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Музейде Токтогул Сатылганов, Барпы Алыкулов баш болгон кыргыз элинин алп төкмө акындарынын, Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов, Жоомарт Бөкөнбаев баштаган кыргыз эл акындары менен жазуучуларынын чыгармалары менен портереттери коюлган. Мындан сырткары музейге искусство менен маданияттын чеберлеринин эмгектери, сейрек кездешүүчү буюмдары менен ар кыл улуттардын ондогон баалуу музыкалык аспаптары коюлган. Бул музейди ачуунун демилгечиси жана уюштуруучусу ушул мектептин музыка сабагынын мугалими, ардактуу эмгек ардагери Махамаджан Мадаминов болду. Элеттик мугалим Махамаджан Мадаминов музейди ачууга өзүнүн 20 жылдык талыкпаган изденүүчүлүк  эмгегин жумшады.

Музейдин ачылыш салтанатына кыргыз эл акындары менен жазуучулардын жакындары менен коомчулуктун өкүлдөрү, Кыргыз эл артисти Шахра Талипова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана жазуучу Асанбай Жусупбеков, ЖАМУнун оуктуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Дилбар Чокоева, доцент Айтмамат Оморов, Кыргыз эл баатыры Дооронбек Садырбаевдин бир тууган иниси Кубанычбек Садырбаев, мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин өкүлдөрү катышты.

—     Мектептин музыка сабагынын мугалими Махамаджан Мадаминов Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдраманов атындагы “Адабият-искусство-музыка” музейин ачуу демилгесин 1996-жылы баштаган. Музейге коюлган экспонаттар менен көркөм чыгармаларды топтоонун түйшүк машкатын айтпасам деле жакшы белгилүү. Агайдын демилгесин колдоп, мектептен эки класстык бөлмө ажыратып бергенбиз. Азыр музейге коюлган акын-жазуучулардын чыгармалары, экспонаттар менен буюмдар көргөндөрдү өтө таң калтырып жаткандыгын жашырууга болбойт. Агайдын эмгегинин үзүрү кайтып, биздин мектепте өткөндүн адабияты менен маданиятынын тарыхын баяндаган эң мыкты музей жаралып олтурат,- деди Сузак районундагы М. Хакимов атындагы №2 “Дом Ата” орто мектебинин директору Гүлнара Юлдашева.

—   Кыргыз эл жазуучулары менен акындарынын жакындарына терең ыраазычылык билдиремин. Алар музей үчүн баалуу китептерин жана өздүк буюмдарын аяшканы жок. Музейди ачуу үчүн 20 жыл ичинде Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарын кыдырып чыктым. СССРдин эл артисти Игорь Алексеевич Шаповалов, улуту немец, Жалал-Абадда туулуп-өскөн балетмейстер Медянова Эльза Григоревна (1918-1980) бийчинин туугандары музейге сейрек кездешүүчү уникалдуу сүрөттөр менен буюмдарды тартуулашты. Музейди көргөнү Германиядан келишкен чет коноктор музейге коюлган, иштеп жаткан патефонду мага 500 еврого сатуу сунушун айтышты. Мен аларга бул патефонду алтын берсеңер дагы алмаштырбаймын деп баш тарттым. Алар менден кечирим сурашып, ушундай музейди ачкандыгыма өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билдиришти,- дейт музейди уюштуруп ачкан элеттик мугалим Махамаджан Мадаминов.

Азыркы мезгилде Сузак районундагы М. Хакимов атындагы №2 “Дом Ата” орто мектебинде ачылган Шабданбай Абдырманов атындагы “Адабият-искусство-музыка” музейине агылып, атайын көргөнү келгендер күн санап арбып барууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: