Menu

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин көрүп чыкты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышуу, анын ичинен Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапары уланууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бүгүн, 3-майда, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ноокен районунун Сакалды айыл аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясындагы дамбанын абалы менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдиргендей, 2017-жылдын март-апрель айларында Кара-Үңкүр дарыясында суунун көлөмү жогору болгондуктан дамбанын айрым жерлерин суу жээрип, айыл чарба багытында пайдаланылуучу жерлерди суу каптоо коркунучу болгон.

Бүгүнкү күндө жээктерди бекемдөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө, ал үчүн бардык техникалык каражаттар жетиштүү. Кубатбек Боронов жергиликтүү органдардын биргелешкен иш аркетинен улам, турак үйлөрдү жана сугат жерлерди суу каптоо коркунучу жоголгонун баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков абал менен таанышкан соң, жээктерди тосуу жана мүмкүн болгон өзгөчө абалдарга мониторинг жүргүзүп алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Андан ары Өкмөт башчы Майлы-Суу шаарындагы жер көчкү жүргөн Кара-Жыгач айылына барып, табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2017-жылдын 28-апрелинде  болгон жер көчкүнүн жалпы көлөмү 7 млн. м3. түзгөнүн билдирди.

Жер көчкү ошондой эле Майлы-Суу дарыясынын нугун буруп, жыйынтыгында дарыяга жакын жердеги турак үйлөрдү  жана Майлы-Суу – Сары-Бээ автожолун суу каптады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине бир жума ичинде аталган авто жолдун участкасын реконструкциялоого кетүүчү чыгымдар сметасын түзүүнү тапшырды.

Майлы-Суу шаарынын мэриясына  жергиликтүү тургундарды  ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте аймактарда күтүлүүчү  өзгөчө кырдаалдар тууралуу калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнүн  тапшырды.

Ошондой эле  кооптуу аймакта жашаган жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн жер участогун трансформациялоо маселесин кароону  жана адамдардын тийиштүү тизмесин түзүүнү тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууда белгилегендей, мамлекеттик органдар табигый кырсыктын кесепеттерин алдын алуу жана  ыкчам жоюу боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алат.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан колдоо сөзүн жеткирип, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын айланасындагы бардык маселелер  мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө экендигин билдирди.

Эске салсак, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 29-апрелинен тартып табигый кырсык орун алган жерде жүрөт. Өкмөт башчы ошол эле күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү түшүп, анын кесепетинен 24 адам курман болгон Аюу айылына барды. 1-майда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  Ош облусунун Өзгөн районундагы ошол күндөрү жер көчкү түшкөн  Жалпак-Таш айылына,  2-майда  Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга даярдыктарды жеринде көрүп, орун алган табигый кырсыктын кесепеттери менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бүгүн, 3-майда күндүк экинчи жарымында Ош шаарында  республика аймактарындагы калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу маселеси боюнча селектордук жыйын өткөрөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: