Menu

Муфтияттын фатвасына Аюу-Сайлыктар көнбөй жатышат

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Уламалар кеңеши Өзгөндөгү Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдө калгандардын сөөгүн ошол жерде калтыруу боюнча атайын чечим чыгарышты.

Анткени издөө иштери натыйжа бербей жатат. Муну айтканы барышканда жакындарын жоготкондор көнгөн жок. Бирок динаятчылар түшүндүрүү иштерин улантып жатышат. Ал арада ӨКМдин куткаруучулары, туугандары “токтотсоңор болот”,- дегичекти же сөөктөр табылгыча издөө иштерин токтотпой тургандыктарын билдирип, иштеп жатышат.

…Жакындарынан айрылып, зар какшап, кан жутуп, боздогондор. Ошол каран түн түшкөн таң заарда шум ажал 24 өмүрдү алып, туугандарынан айрыды…

Аюу-сайлыктар 4 күндөн бери “сөөктөр табылып калаар” деген үмүт менен, аза күтүп отурушат. Кырсык болгондон 1 күн өтүп, 2 өспүрүм кыздын жана 20 жаштагы келиндин сөөгү табылган. Андан бери издөө иштери жүрүп жаткан менен натыйжа жок.

Сөөктөрдү табуу иши кыйындагандан улам, өлкөнүн Муфтияты жана уламалар кеңеши чукул жыйынга чогулган. Анда көчкү алдында калгандарды казуу иштери кыйындап жатканын эске алып, кырсык болгон аймакты көрүстөнгө айлантуу чечимин кабыл алышкан. Бул сунушту аюу-сайлыктарга жеткирип, маркумдарга ошол эле жерде жаназа окуу тууралуу айтканы келишти.

Бул боюнча каза болгондордун жакындары жана Аюу-Сай калкы чечимге келүүгө тийиш эле. Түшүндүрүү иштерин айылдын аксакалдары жана имамы жүргүзүп жатат.

Көчкү түшкөн аймакты мүрзө кылып, казуу иштерин токтотууга маркумдардын жакындары каршы чыгышууда. Анткени бир үй-бүлөдөн толугу менен көчкү алдында калгандар бар. Алардын сөөгүн таап чыгып, акыркы сапарга узатабыз дешет.

Тургундардын талаптары менен 400гө жакын куткаруучу 12 саат бою издөө иштерин улантып жатышат.

ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Куштарбек Абыловдун айтымында, көчкү түшүү коркунучу дагы эле сакталууда…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: