Menu

Кыргыздар чет өлкөдө кыргыздарды тоноп жатышат

Бөлүшүү:

Мурда Россияда, айрыкча Москвада иштеп жүргөн кыргыз змгек мигранттарын кыргыз эле улутундагы кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп, үркүтүп, тоноп жүрүшкөндүгү көп айтылчу. Жакында КРнын ИИМнин Москвадагы өкүлчүлүгү россиялык милиция кызматкерлери менен биргелешип өткөргөн ыкчам иш аракеттин жүрүшүндө алар колго түштү.

Бул операция тууралуу аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Асхат Алиев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй маалымат жарыялаган:
“2017-жылдын 10-апрелинде КР ИИМнин РФгы өкүлчүлүгүнө КРнын жараны арыз менен кайрылган. Ал арызында аны өзүлөрүн уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүбүз деп тааныштырышып, коркутуп, опузалап, 80.000 рубль талап кылышкан жана жабырлануучунун өмүрүнө коркунуч жаралган. Арыздын негизинде Москва шаардык полициясы тарабынан опузалоо фактысы менен кылмыш иши козголуп, 19-апрелде кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы жүргүзүлүп, жашаган батирин кароо учурунда Калашников маркасындагы автомат октору менен, пистолет наган, бет каптар табылган. Кылмышка шектүү деп кармалгандар, уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү экендиги аныкталып, азыркы күндө тергөө иш амалдары жүрүүдө. Биздеги ыкчам маалыматтарга ылайык, төмөндөгү сүрөттөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Москва шаарында жана Москва областында мекендештерибизди карактап, опузалап, тоноп кылмыш кылып жүрүшкөн. Эгерде ким ушулардын колунан жабыр тарткандар же болбосо кылмыш кылгандыгы жөнүндө маалыматыңар болсо КРнын ИИМнин РФгы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Берген маалыматыңыздардын жашырындуулугуна кепилдик беребиз.

Биздин дарек: Москва шаары, Большая Ордынка 62, КРнын РФды Элчилиги.

Тел номер +79268908700 Аскат Алиев, КРнын ИИМнин Россиядагы өкүлү”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: