“КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын жоругуна өз баасын берет”, – деп билдирди бүгүн, 3-майда фракциянын лидери Иса Өмүркулов Акипресс маалымат агенттигине.
“Бул биз үчүн, фракция үчүн, депутаттар үчүн шок болду. Бул жорукту биз сөзсүз түрдө жума күнү фракциянын жыйынында карайбыз”, – деди Иса Өмүркулов.
Ошондой эле Иса Өмүркулов бул маселе боюнча депутат Жылдыз Мусабекова менен али сүйлөшө электигин билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова гезитке Тоң районунун тургуну Рита Исмаилованын КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова тууралу сын пикирин жарыялаган. Буга ызаланган Жылдыз Мусабекова журналист Үпөл Анаркуловага телефон чалып: “Жалап, бетиңди көтүңө теңейм, териңди тескери сыйрыйм, 10 балага оозуңа зордуктатам” деген сыяктуу оозго алгыс сөздөр менен коркуткан. Бул коркутуулар үн жазгычка жазылып калгандыктан социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун кескин сынына кабылды.
https://www.youtube.com/watch?v=Pc-3MAEBz6k
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ