Menu

Соңку убактагы Сокенин активдүүлүгү бийлик талапкери болушун шарттайбы?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоонун 15-октябрга жылышы мүмкүн экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдиргенден кийин, ого бетер саясый майдан копшолуп алды. Өзгөчө аламанга аттанчулар аяк-быягын карашып, үгүт иштерин жандантууга өтүштү.

Бир гана бийлик талапкеринин аты атала элек. Бирок, биздин баамыбызда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун соңку убакта таскагы катуу чыкканы, өкмөттүн отчётун ийгиликтүү тапшырып, парламенттен 98 депутаттын колдоосуна ээ болгону, ошого катар региондорду тынымсыз кыдыруу менен активдүү жүрүшкө өткөнү кө-өп нерсени каңкуулайт. Азырынча КСДП расмий түрдө каарманыбыздын атын атай элек, бирок, ким билет, Алмазбек Атамбаев деле досунун ишмердигин баалап, «добросун» берип коюшу ыктымал. Ошондо саясый элитанын басымдуу бөлүгү, өзгөчө түштүк катмардын тыңчыкмалары бийлик мураскерине оңой эле ооп кетишери турган иш.

Негизи Кыргызстандагы шайлоолор тышкы күчтөрдөн дагы көз каранды. Айрыкча Россия, Казакстан келечектеги башчыбыздын ким болоруна кызыгышат. Керек болсо түздөн-түз колдоого алышы да ажеп эмес. Бул жагынан караганда, С.Жээнбековдун тышкы саясаттагы позициясы ордунда, иренжите турган сапаттарын байкаган жокпуз.

Ток этери, соңку убактагы Сокенин активдүүлүгү бийлик талапкери болушун шарттайбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: