Menu

Эмилбек Узакбаев менен Надырбек Турганбаев кайсы саясатчылардын баштарын кошууга батынышты?

Бөлүшүү:

Ушу тапта президенттик шайлоого карай баардык саясый күчтөрдө сүйлөшүүлөр, биригүү, кеңешип, кепке келишүү жараяндары башталды. Негизинен мурда-кийинки тажрыйбалуу чиновниктердин армиясы Темир Сариевдин айланасында баш кошууга умтулушса, ага улай Өмүрбек Бабановдун тегерегинде жаңы муундагы жаш лидерлердин топтошкону байкалууда. Кыскасы, аламанга карай биригүү процесстери күн сайын күчүнө кирген чагы.

Өткөн айдын соңуңда өңчөй түштүк саясатчыларынан куралган жоон топ баш калаадагы «Изумруд» кафесинде чогулушту. Региондон чыккан сакалдуу еаясатчылар Мамбетжунус Абылов, Абдрейим Кулбаев, Эмилбек Узакбаев, Надырбек Турганбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Азимбек Бекназаров ж.б. (Бектемир Мурзубраимов менен Үсөн Сыдыковдон башкасы), орто муундагы Элмурза Сатыбалдиев жана Улукбек Ормонов баштаган «Жоро бозочулардын» көпчүлүк бөлүгү, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев, Нурлан Шакиев баштаган 40ка чукул саясатчы (азыркы бийлик тарабынан «критке чабылгандар») «уй мүйүз» тарта ортого келген тайдын этинен жешип, ынтымактуу маанайда чогулушат. Максат – презңденттик шайлоого карай кеңешип-кесишип, мунасага келүү менен араларынан идиректүүсүн чыгаруу болгондугу айтылууда. Отуруш жүрүшүндө президенттик амбициясы бар Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Азимбек Бекназаров өңдүү «өздүк кулундарга» сөз берилип, отургандар тарабынан «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу», алдыдагы аламан жарышка карай араларынан бирдиктүү талапкер чыгаруу боюнча сунуштар айтылганы каңкууланууда. Азырынча сөз алгандардан Бакыт Төрөбаев менен Азимбек Бекназаров гана ажолукка барышарын ачык кыйытышканы талкууланып бүгпөй аткан убагы.

Жыйын соңунда араларындагы ажолук амбициясы ашынган саясатчыларга алдыдагы убакта кепке келүү менен баардык жагынан шайма-шай бирдиктүү талапкерге токтолуу боюнча сунуштар айтылып, кийинки аш жемей салтанатына дейре мунасага келүү өтүнүчү айтылат. «Регионалисттердин» мындан аркы аш жемейди уюштуруу, бирдиктүү талапкерди чыгаруу тууралуу сүйлөшүү иштерин жүргүзүү көпчүлүк тарабынан Эмилбек Узакбаев менен Надырбек Турганбаев экөөнө жүктөлгөнү маалым болду.

Эми бул топ алдыда бирдиктүү талапкерин чыгара алабы? Же араларындагы эле айрымдардын күбүр-шыбырына таянсак, мындай чогулуу салтанатын уюштуруу аркылуу булар ажолукка негизги фаворит талапкер менен «эсептешүүнү», алдыртан аларга карай «биз барбыз быякта» дегендей «соодалашууга» өтүшөбү? Байкап туралы.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: