Жалал-Абад шаарында 30 жаштагы келин ажатканадан көз жарып, ымыркайы чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ымыркай айына жетпей жети айлык болуп төрөлгөн. “30 жаштагы келин ажатканадан төрөп, баласы чуңкуруна түшүп кеткен. Куткаруучулар ымыркайды аман-эсен алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине тапшырышкан. Аңдан соң эне-бала Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө жеткирилген” деп жазылат маалыматта. Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Мамажон Мияновдун айтымында, ымыркай ооруканага оор абалда алып келинип, бир күндөн кийин чарчап калган.
Булак: “ПолитКлиника”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ