Menu

Россия Кыргызстандын карызын кечти

Бөлүшүү:

Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти. Буга чейин эки өлкө 300 миллион доллар карызды 10 жыл ичинде, тагыраагы, жыл сайын 30 миллиондон жоюуну макулдашкан. Эки жыл ичинде 60
миллион доллар карыз жоюлган болчу. Эми Россия тарап калган карызды дагы толугу менен кечип отурат. Тийиштуу жарлыкка Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кол койгон. Ошондой эле документте карызды кечүү Россиянын Кыргызстанга берген расмий жардамынын алкагында ишке ашканы белгиленген. Бишкек менен Москва 2012-жылы жалпы суммасы 500 миллион доллар болгон карызды жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койгон. Ага ылайык, келишим күчүнө кирген күнү 188,9 миллион карыз кечилмек. Ал эми 2016-жылдан тарта 300 миллион доллар карыз он жыл аралыгында жоюлмак. Буга чейин Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Кыргызстандын Россияга берчү 240 миллион мамлекеттик карызынан толугу менен кутулуу боюнча келишим даярдалып жатканын билдирген.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: