Menu

Тажикстандык 20 журналист чет өлкөлөрдөн башкалка сураган

Бөлүшүү:

Тажикстандык 20 журналист түрдүү себептер менен, анын ичинде бийликтин кысымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу ММК өкүлдөрү арасында сурамжылоо жүргүзгөн Тажикстандагы Аял журналисттердин коалициясынын башчысы Мухайё Нозимова билдирди.

Нозимова алар өлкөдөн чыгып кетүүгө эмнелер себеп болгонун билүү максатында сыртта жүргөн кесиптештери менен сүйлөшүп көрүшкөнүн айтты:

— Түрдүү себептер айтылды – бийликтин кысымы, сөз эркиндигинин жоктугу, ММК ээлери тараптан журналисттерге колдоонун жоктугу, масс-медиа өкүлдөрүн коргоо боюнча бирдиктүү институттун жоктугу жана маянанын аздыгы.

Бирок өлкөдөгү айрым ММК өкүлдөрү бул айтылган себептер чындыкка дал келбейт деп эсептешет. Көз карандысыз «Миллат» гезитинин башкы редактору Адолат Мирзонун пикиринде, сөз болуп жаткан журналисттер жумушсуз калгандыктан улам башка өлкөлөргө кетишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: