Menu

Кыргызстанда 2018-жылдан тартып айрым жолдорго акы алынышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Транспорт жана жолдор министрлиги жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке жеңилдик кылуу максатында ушундай сунуш киргизүүдө.

Министрликтин өкүлү Нурлан Каимбаевдин айтымында, акы алынуучу жолдор 2018-жылы 26 чакырым, 2025-жылга чейин 500 чакырымга жетет. Муну жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашыруу каралган.

– Жолдорго акы алуунун эки жолу каралууда. Биринчиси – жалпы пайдалануудагы жолдорду өткөрөт. Экинчиси, жаңы жол курулат. Ведомстволор аралык комиссия анын тарифин бекитип, баа саясатын аныктайт. Транспорт каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат, жаңы түрү чыгып жолго көбүрөөк күч келип жатат. Ага ылайык бюджеттен бөлүнгөн акчаны көбөйтүш керек, ага мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан каржылоонун альтернативдүү жолдорун издеп жатабыз. Эгер айрым аймактардагы жолдорго акы төлөнсө андан түшкөн каражаттардын эсебинен башка жакты ремонттойбуз.

Акы төлөнчү жолдорго Куакы – Кочкор, өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирчү жаңы салынчу альтернативдүү жолу кирет. Азыр бир дагы жолго акы алынбайт. Болгону айдоочулар Бишкек-Ош жолундагы тоннел үчүн төлөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: