Menu

Бабырбек Жээнбеков, “Алиби” гезитинин башкы редактору: “Жылдыз Мусабекова карандай калпты айтып жатат”

Бөлүшүү:

Депутат Жылдыз Мусабекова “Алиби” гезититин кабарчысы Үпөл Анаркулова менен “сүйлөшкөн сөзүнүн” эки-үч жеринде менин ысмымды күбөгө тартып кетиптир. Анын айтуусу боюнча, чуу жараткан материалды гезит бетине даярдаган Ү.Анаркулова экендигин ага мен айткан имишмин. Мен бул маалыматтын чындыкка дал келбестигин, анын карандай калп экендигин баса белгилеп айткым келет.

Жалган маалымат берип, жетекчи менен ага баш ийген кызматкердин ортосунда чагымчылык кылуу адамгерчилик ченемдерине жатпастыгын баарыбыз эле түшүнөбүз го деп ойлойм. Моралдык-этикалык себептерден улам болсо дагы экөөнүн ортосундагы чырга менин атымды аралаштырууга эч кимдин акысы болгон эмес. Бул менин гезиттин башкы редактору катары анын жоопкерчилигин алуудан качуу аракетим эмес. Мен жөн гана ачуу болсо да, оор болсо да, ортодо чындык гана айтылууга тийиш деп эсептейм.

25-апрель, шейшемби күнү, мен өз иштерим менен Көл кылаасына чыгып кетип, ал жактан 27-апрель күнү кайткан элем. Материалдарды даярдоо жана басмага берүү милдети орун басарым Кубатбек Айбашовго жүктөлгөн эле.

Мен айланма жол менен Токмок шаарына жете берген учурда, саат 18 дин тегереги болчу, чөнтөк телефонум шыңгырап калды. Карасам бейтааныш номер, “Ким болду экен?” – деп жандырсам, телефондун аркы учундагы адам мурдагы журналист, азыркы ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова экен. Ал түз эле маселени кабыргасынан койду. “Мен өзүм окуган жокмун. Бирок мага курбуларым айтып жатышат, сиздин гезит мен жөнүндө макала жарыялап, мени Тоңдун акиминин “крышасы”, андан акча алган деп күнөөлөп жазыптыр” – деди ал.

Мен эмне болгон материал, ким даярдаганын эстей албадым. Ошондуктан, Ж.Мусабековага “Жылдыз, мен шаарга жетейин, тактайын. Экөөбүз андан кийин сүйлөшөлү. Азыр мен сага эч нерсе дей албайм” – деген сөздөрүмдү үч-төрт жолу кайталаганыма карабастан, аларды угуп да койбостон, ар нерселерди айта бергендигинен улам мен сүйлөшүүнү токтотуп салдым.

Орун басарыма телефон чалсам Тоң районунан бир мугалим аял келип, анын арыз-арманын Үпөл диктофонго жазып алып, гезитке ошону жарыялаганыбызды, Ж.Мусабекованын да пикирин алуу үчүн ага кайра-кайра телефон чалып, андан coң СМС жөнөтүп байланыша алышпаганын, ошондуктан Рита Исмаилованын баяндамасынын этегинде бул жөнүндө эскертүү менен кеткендигин айтты.

Мен түз эле редакцияга келдим. Гезитти алып тааныштым. Редакция жамааты Ж.Мусабекованын Р. Исмаилованын айткандарына каршы пикирин алууга болгон аракетин жасаптыр. Жооп бербей койсо редакциянын күнөөсү эмес деп эсептейм.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ, “Алиби” гезитинин Башкы редактору

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: