Menu

Сооронбай Жээнбеков «Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис» долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда, «Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис» долбоорунун ишке ашуусу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Эскерте кетсек, буга чейин Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга “Легпром” ассоциациясы менен биргеликте белгиленген мөөнөттө аталган долбоорго жер бөлүп берүү үчүн Өкмөттүн чечиминин долбоорун сунуштоону тапшырган.

“Легпром” ассоциациясынын президенти Сапар Асанов билдиргендей, технополис идеясын ишке ашыруу процесси 12 жылдан бери созулууда. Анын айтымында “Технополис” долбоору үч этап менен ишке ашат жана тигүү, кездеме ишканаларынын продукцияларынын көлөмү 30% жогорулайт.

Бул долбоордун ишке кирүүсү менен кошумча дагы 10 миң жумушчу орундары түзүлөт. 40 гектар аянтты түзгөн жер тилкеси Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагынан 49 жылга ижарага берилет. Ал жерде 20 ашык жеңил өнөр жай ишканалары орун ала алат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт бул долбоордун ишке ашышын толук колдоорун айтып, ал кошумча иш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталганын баса белгиледи. Ошондой эле долбоор жакын арада ишке ашаарын билдирди.

Мындан сырткары Өкмөт башчы өндүрүштүн жаңы стандарттарын киргизүү жана кыргыз тигүү продукциясынын атаандаштыгын жогорулатуу маанилүүлүгүн белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков атамекендик жеңил өнөр жай продукциясы бир гана ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн базарларын камтыбастан алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин базарларына да кириш керек деди.

Кеңешменин жыйынтыгы менен «Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис» долбоорун ишке ашыруунун концепциясы жактырылды.

Юстиция министрлигине жуманын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна өзгөртүулөрдү киргизүү боюнча тапшырма берилди. Анда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагынан «Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис» долбооруна жер бөлүп берүү боюнча тийиштүү процедуралары каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: