Menu

Бабанов маселесинде Атамбаев өтө этият болушу керек…

Бөлүшүү:

“Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов бийлик үчүн, тагыраак айтканда Атамбаев үчүн баш оору болуп жаткандай. Анткени, азыркы учурда жалпы эл Атамбаевден кийин президент Өмүрбек Бабанов болот деген ой менен жашап жатканы баарыбызга белгилүү. Бирок, Ажобуз өзүнүн мураскери ким болоорун, СДПК партиясы кимди президенттик шайлоого алып чыгаарын азырынча айтыша элек. Мураскерди сыр кылып айтпай жатышабы же тандай албай жатышабы белгисиз. Бирок, кеп чынына келгенде Атамбаевдин башы маң болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Ал Өмүрбек Бабановдон башка талапкерди көздөп жатканы менен, эртеңки күндү да ойлоп жатат. Бабанов пре­зиденттик жарышта акыраягына чейин бараарын жар салды. Артында эл ээрчип жатканын көрүп турат. Эгер Атамбаевдин бийлиги шайлоону таза өткөрбөсө, Бабанов бардык кадамдарга бараары белгилүү. Анткени анда акча да, электорат да бар. Бабанов жеке өзүнүн каражаты менен Кыргызстанга революция жасап коюуга кудурети жетет. Ошол себептүү Бабанов маселесинде Атамбаев өтө этият болушу керек…

Булак: “Ачык саяссат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: