Menu

Кыргыз милициясына дипломат жетекчилер жетишпей жатат

Бөлүшүү:

Өлкөдө стабилдүүлүктүн сакталышына кыргыз милициясынын салымы зор. Ошол себептүү аталган тармактын башчылары эл менен иштеше билген, дипломатиялык жол менен маселе чечкен, сөзү өтүмдүү мыкты кадрлар болушу абзел. Тилекке каршы учурда ИИМ министри Улан Исраилов артынан беш киши ээрчите албаганы белгилүү. Ошондой эле эң негизги болуп эсептелген Бишкек шаардык милициясына да эл менен иштеше билген, элге жакын жетекчи керек. Анткени, пикет, митинг, нааразычылык акциялардын баарысы дал ушул борбор калаабыз Бишкекте өтөт. Ошол себептүү, бийлик ойлонуп чечим кабыл алып, элге жакын генералдарды ишке тартыш керек. Булардын тажрыйбаларын пайдаланыш керек. Жеке эле милицияда эмес, башка тармактарга да элге жакын, артынан эл ээрчий турган жетекчилерди дайындоо керек. Бийлик кадр тандоодо утулуп жатканын мойнуна алыш керек. Канчалык билимдүү, канчалык жаш жана жаңы кадр болсун, эгер артынан бир кишини ээрчите албаса анда анын саясатта орду жок десе болот. Ошол себептүү кээде эски жана тажрыйбалуу карт бөрүлөрдүн да кереги тийип калаарын эстен чыгарбасак.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: