Учурда жол маселеси чоң көйгөй жаратууда. Башкасын айтпай эле коёлу, Бишкек-Карабалта, Төө-ашуу, Суусамыр жолдору мышык ыйлаарлык абалда турат. Жол салганды кой, жамап койгонго жараган жок жанагы Жамшитбек деген министр. Ал эми Балыкчы-Корумду жолу качан бүтөөрү белгисиз. Жайкы туристтик сезондун ачылышына да саналуу эле күндөр калды. Көлдүктөр быйыл да туристтерди тосо албай куржалак калышабы? Ысык-Көлдү айга-күнгө теңеп мактанышса кыйын, жок дегенде айлампа жолду тез арада бүткөрүп коюшпайбы. Алмазбек Шаршеновичтин президенттик мөөнөтү аяктаганча бүтсө экен эми.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ