Адамга күн менен түндү Кудай таала эмнеге берген деп ойлоп кетет экенсиң эй. Күндүзү тирилигин кылып, ишин жасап анан түндө уктасын деп бергендигин «илибой дурак» билет эмеспи. Бирок, аны Айыл-чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев деген мырза билбейт экен. Бул эргул жакында Жогорку Кенештин жыйынына келип алып, уктап жаткандыгы боюнча сынга кабылды.
Айтсак, Жаныбек мырза бул жыйында биринчи жолу эмес, экинчи жолу келип алып уктагандыгы социалдык тармактарда катуу талкууга алынууда. Кызыгы Жаныбек мырза түнү менен уктабай эмне кылып жатты экен? Же мамлекет үчүн уйку көрбөй эмгектенип атабы? Же Жогорку Кеңешти айрым үргүлөгөн депутаттардын деңгээлинде карап, уктоочу бөлмө катары көрүп алганбы?
Булак: “Де-Факто”
Видео: “Kloop.kg“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ