Menu

Уран Ахметовдун бул кылганы уят да

Бөлүшүү:

Өзү иш билбей, иш билгендерге орун бошотпой, креслого кенедей жабышып алып, мамлекеттин канын соргон жетекчилер тойгузуп бүттү. Дегеним, Юстиция министри Уран Ахметовдун чабал жетекчи экендигин, кыргыз тилин жериген, кыргызча эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган министр экендигин көп эле жолу айтып келдик. Эми дагы бир чабалдыгын айталы. Өткөн жумада бир эмес, эки мыйзамын Жогорку Кеңештен өткөрмөкчү болуп парламентке барган экен, ал жерден-комитеттерде каралып, аталган эки мыйзам долбоору тең артка кайтарылыптыр. Бул эмнени айтат? Шалаакылыкты, ишин билбестикти, анан кенебестикти. Уят да, жакшылап, тыкыр иликтеп, аркы берки жагын тактап анан алып барбайбы жыйынга. Өзү да убара болуп, башкалардын да убактысын алып эзилбей…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: