Menu

Култуңдаган Кулматов эмнеге жашырынат

Бөлүшүү:

Айрымдар ар таңда кечке жете тургудай нанга акча табуунун түйшүгү менен алектенишсе, айрымдар акчаны сапырып, айлыкты миллион сомдон ашуун алып жаткан өлкө бул Кыргызстан. Мугалимдерибиз айына мээсин эзип атып, араң 10-12 миң сом айлык алышат. Бирок, кээ бир адамдар «асмандан» түшө калып эле мугалимдин он жылда араң алган айлыгын бир айда алышат экен. Мына факты, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов 3-май күнү Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Суроолордун арасында, «Канча айлык аласыз?» деген суроо берилди. Ага Кулматов, «биздин айлыгыбыз коммерческая тайна» – деп боорду эзди. Кимден, эмне үчүн айлыгын жашырып атканын өзү билди бекен? Ал ар кимдин же коммерциялык тараптардын суроосуна эмес Кыргыз парламентине, мамлекеттик бийликтин бутагы болгон жерде өз сырын жашырып олтурат. Баса, Кулматов өткөн жылы 15 миң АКШ доллар айлык алаары коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Жашыруун деп жооп бергенине караганда Кулматов «кризиске» карата айлыгын 20-25 миң долларга көтөрүп алган го… Кубанычбек мырза «коммерческа тайна” деп кимди алдагысы келет?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: